Сот Текебаев менен Чотоновго өкүм чыгарды. Азыр эмне белгилүү?

Бишкектин Биринчи май райондук соту оппозиционер Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун мүлктөрүн мамлекеттин эсебине өткөрүү менен сегиз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Текебаевди коррупция жана бир миллион АКШ доллар пара алгандыгы боюнча айыпташкан, ал эми Чотоновду кылмыш жасоодо ортомчу деп табышкан.

Оппозиционер Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго каршы мүлктөрүн мамлекеттин эсебине өткөрүү менен сегиз жыл эркинен ажыратуу өкүмү чыкты.

«Ата Мекен» партиясынан депутат Аида Салянова журналисттерге берген интервьюсунда Биринчи май райондук сотунун чечими күтүлгөндөй эле болгонун билдирди. Саясатчынын адвокаттары соттун чечимин экинчи инстанциядагы сотто даттанышат. Салянованын айтымында, бул саясий буйрук, ал эми мындай «адилетсиз» чечим чыгарган соттор келечекте «жазаланат».

Сот өкүмдү 40 мүнөт окуду. Өкүм чыгаары менен оппозиционердин тарапташтары «наалат, наалат!» деп кыйкыра башташты. Элдердин нааразылыгына карабастан сот имаратынын алдында массалык баш аламандыктар байкалган жок.

Текебаевдин иши

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2017-жылдын 16-августунда «Ата мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду орусиялык ишкер Леонид Маевскийден пара алгандыктары боюнча күнөөлүү деп тапты.

Айыптоочу тараптын версиясы боюнча, Текебаев 2010-жылы орусиялык ишкер Маевскийден 1 миллион доллар пара алып, «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүндүк берүүнү убада кылган. Ал эми Чотонов тергөөнүн версиясы боюнча Текебаевдин пара алуусуна ортомчулук кылган.

Текебаев менен Чотонов өздөрүнө коюлган айыпты четке кагып, бул ишти бийликтин «саясий буйругу» деп аташкан. Алар 2017-жылдын февралынан бери тергөө абагында отурушат.

Өмүрбек Текебаев октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлердин бири. Бирок соттун өкүмү чыккандан кийин анын президенттик жарышка аттануусу адвокаттардын Биринчи май райондук соттун чечимин ийгиликтүү даттануусунан соң гана мүмкүн болот.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: