Текебаевдин абак мөөнөтү 8 жыл эмес 4,5 жылды түзөт

Мүлкү мамлекеттин эсебине чегерүү менен 8 жылга эркинен ажыратылган оппозиционер Өмүрбек Текебаев күчөтүлгөн тартиптеги абакта мунапыска байланыштуу 4,5 жыл отурат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Айбек Эрнис уулу БУУнун адам уктары боюнча декларациясын кабыл алгандыгына 65 жыл толгонуна байланыштуу Текебаевге карата мунапыс колдонгон. Тактап айтканда оппозиционердин абакта отуруу мөөнөтү 5,5 жылга кыскартылган.

Андан соң Текебаевдин тергөө изолятордо жарым жыл отурганы эсепке алынып дагы бир жыл мөөнөтү кыскартылды, анткени изолятордо отурган ар бир күнү эки күн абакта отурганга барабар деп эсептелет.

Оппозиционердин адвокаты Чынара Жакупбекова Kloop.kgге курган маегинде, алар өкүмдү жакын арада даттана турганын билдирди. «Сот эч нерсени негиздей алган жок, биз даттанууну бүгүнкү күндөн тарта даярдап баштайбыз», — деди Жакупбекова.

Жакупбекова коргоого алган адамы өкүм мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенче дагы деле президенттик жарышка катыша ала турганын түшүндүрдү.

Мурдараак Текебаев президенттик кызматка талапкер болуп чыгаарын билдирген, бирок Боршайком азырынча кыргыз тили боюнча сынак тапшырууга мүмкүндүк бербей жатат. Ал эми БШКнын баш тартуусу саясатчынын шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып жатат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 16-августта оппозиционер жана президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов экөөнүн мүлктөрүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алгандыгы боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал эми Дүйшөнкул Чотонов акчаны өткөрүп берүүдө ортомчулук кылган деп таанылды.

Эки саясатчы тең чыгарылган өкүмгө макул эмес, алардын айтымында, бул «саясий буйрук». Текебев камакка алынганга чейин бийликтин эң башкы сынчыларынын бири болгон, көпчүлүк учурда президент Алмазбек Атамбаевди сынга алып келген.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: