Бишкектеги адам өмүрүн алган жол кырсыгы: Милиционер эки айга ТИЗОго камалды

Эки кишинин өмүрүн алган жол кырсыгына себепкер болгон милиционер эки айга ТИЗОго камалды. Бул туурасында Бишкек ШИИБинен билдиришти.

Беш машина катышкан жол кырсыгы 18-августта Бишкектин борборунда болгон. Милициянын версиясы боюнча, жол кырсыгынын күнөөкөрү мас абалында машина айдап бара жаткан Ленин РИИБинин кызматкери болгон.

Бишкек ШИИБнен билдиришкендей, милиционер эки айга камакка алынган. Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду.

Ыкчам маалыматтар боюнча, милиция кызматкери «Тойота Виндом» үлгүсүндөгү машинаны айдап бара жаткан. Машина Айтматов проспектинде кетип бара жатып «Мазда» үлгүсүндөгү автомобиль менен сүзүшкөн.

Натыйжада «Мазда» ыргып барып жол чыракта турган машиналарга тийип, «Мазданын» эки жүргүнчүсү кырсык болгон жерден көз жумган.

Бишкек ШИИБинин басма сөз катчысы Адыл Оморовдун айтымында, жол кырсыгынын күнөөкөрү Ленин РИИБинин милициясынын старшинасы болгон, ал күч органдарында 2011-жылдан бери кызмат өтөгөн. Кырсык болоор алдында ал мас абалында болгон.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: