Бишкек: Милиционердин айынан жол кырсыгында эки киши каза тапты

Бишкектин борборунда беш машина сүзүшүп, жол кырсыгында эки адам каза тапты. Милициянын версиясы боюнча жол кырсыгына мас абалында машина айдаган Ленин РИИБинин кызматкери күнөөлүү.

Бишкек шаардык ШИИБинин басма сөз катчысы Адыл Оморов Kloop.kgге 18-август эртең менен Айтматов проспекти менен Горький көчөсүндө болгон жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

https://www.facebook.com/100001003433927/videos/1488775784499188/

 

Оморовдун айтымында, жол кырсыгынын күнөөкөрү Ленин РИИБинин милициясынын старшинасы болгон, ал күч органдарында 2011-жылдан бери кызмат өтөгөн. Кырсык болоор алдында ал мас абалында болгон.

«Учурда териштирүү иштери башталды, мындан тышкары анын жетекчилигине карата кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Милициянын кызматкери кармалып, учурда ал тергөө изолятордо отурат», — деди ал.

Шектүүнүн машинасы айып токтотуучу жайына жеткирилди.

Ыкчам маалыматтар боюнча, милиция кызматкери «Тойота Виндом» үлгүсүндөгү машинаны айдап бара жаткан. Машина Айтматов проспектисинде кетип бара жатып «Мазда» үлгүсүндөгү авто унаа менен сүзүшкөн.

Натыйжада «Мазда» ыргып барып жол чыракта турган машиналарга барып тийип, «Мазданын» эки жүргүнчүсү кырсык болгон жерден көз жумган.

Видео: Жылдызбек Керимбаев

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: