Чүй облусу: Айдоочу төрт адамды өлтүрө сүзгөн

Чүй облусунун Сокулук районунда айдоочу машинаны башкара албай калып, жолдун жээгинде турган төрт адамды өлтүрө сүзгөн. Каза тапкандардын арасында 10 жаштагы бала бар. Милиция айдоочу мас абалында болгон деп күмөн санап жатат.

Чүй облусунун патрулдук милициясы жол кырсыгы 22-августта Төмөнкү Чүй айлында болгонун билдирди.

Маалыматтарга ылайык, «Мерседес» үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу унааны башкара албай калып жолдун жээгинде турган адамдарды сүзгөн.

Каза тапкандардын арасында 10 жаштагы бала менен үч аял бар, бардыгы алган жаракаттарынан улам кырсык болгон жерде жан беришкен.

Жергиликтүү тургундар жол кырсыгынын себепкерин милиция келгиче эле кармашкан. Алардын айтымында, айдоочу мас абалында болгон.

«Кармалган адам 47 жаштагы коңшу Жаңы-Жер айылынын тургуну болгон. Күбөлөр айдоочу мас абалында экенин айтышууда, учурда аны милиция кызматкерлери наркологияга алып кетишти», — деди Чүй облусу боюнча патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев.

Анын айтымында, каза тапкан адамдар жолдун жээгинде маршруттук такси күтүп турушкан. «Мерседестин» айдоочусу жабыр тарткан эмес.

«Мерседестин» айдоочусуна карата кылмыш иши козголот. Окуя болгон жерде тергөө тобу иш алып барууда.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: