КСДП Сапар Исаковдун премьер-министрликке талапкерлигин карап жатат

Парламенттеги социал-демократтар (КСДП) фракциясы жаңы өкмөттүн курамын карап жатат. Жыйында учурдагы президенттик аппарат башчысы жана премьер-министрликке талапкер Сапар Исаков өз программасын сунуштады.

КСДП фрациясынан депутат Рыскелди Момбеков «Азаттык» үналгысына курган маегинде Сапар Исаков премьер-министрлик кызматка талапкер катары өз программасын тааныштыраарын айткан.

Депутаттын айтымында, биринчи вице-премьерлик кызматка Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен өнөр жай энергетика мамлекеттик комитетинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев талапкер болуп жатат.

КСДП өкмөттүн жаңы курамын талкуулап бүткөн соң маселе парламенттик коалицияда талкууга алынат.

Өкмөттүн жаңы курамы парламенттин 25-августундагы кезексиз сессиясында түзүлөт. Бул убакытка чейин премьер-министрдин милдеттерин вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев аткарат.

Аткаруучу орган премьер-министр Сооронбай Жээнбеков алдыда боло турган президенттик шайлоого бийликчил КСДП партиясынан талапкер болуп кызматтан кеткен соң 22-августта таркатылган.

Парламентти кезексиз жыйынга чогултууну президент Алмазбек Атамбаев демилгелеп чыккан. Ал 22-августта фракция башчыларын чогултуп «кыска мөөнөттүн ичинде» алардан жаңы өкмөт курамын түзүүнү суранган.

Сапар Исаков деген ким?

Сапар Исаковду президент Алмазбек Атамбаев ишенген эң жакын адамы деп аташат. 2017-жылдын январына чейин ал президенттик администрация башчысынын орун басары болгон, ага чейин беш жыл ушул эле ведомстводо тышкы саясат бөлүмүн башкарган.

Исаков Атамбаевдин учурунда гана бийлик түзүмдөрүнө жакын болгон киши эмес. Ал 2010-жылдагы революцияга чейин Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин тышкы байланыш бөлүмүн жетектеген.

Бул агенттикти эгемендүү Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиев башкарган. Революциядан кийин Максим Бакиев өлкөдөн качып кеткен, андан соң мамлекетке мүлктүк зыян келтирүү жана коррупция боюнча сырттан соттолгон.

Ал эми Сапар Исаков дароо эле жаңы келген Убактылуу өкмөттө кызмат өтөй баштаган. Учурда Исаков Максим Бакиев менен болгон бардык байланыштарынан баш тартууда.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: