Сапар Исаков Фарид Ниязовдун ордуна президенттик аппараттын башчысы болду

2017-жылдын январында Исаков президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарынын кызматын ээлеген, бирок мартта эле кайра дагы кызматынан көтөрүлдү. Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов да жаңы кызматка өттү ал президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин администрациясында кадрлык өзгөрүүлөр болуп, Сапар Исаков менен Фарид Ниязов жаңы кызмат алышты.

Фарид Ниязов

Фарид Ниязов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды 2011-2015 жылдары ал ушундай кызматта болчу. 2011-жылы Ниязов Атамбаевдин шайлоо алдындагы штабынын жетекчисинин кызматынан президенттин кеңешчисинин кызматына которулган.

2010-жылы Ниязов Убактылуу өкмөттүн маалымат-координациялык аппаратынын башчысы болгон.

2005-жылдан 2010-жылга чейин Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда Ниязов «КомерсантЪ» гезитинде иштеген.

Аскар Акаевдин убагында Ниязов ТИМдин ишин башкаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин жардамчысы болуп, ошондой эле президенттин басма сөз кызматын жетектеген.

Сүрөт: Султан Досалиев

Президенттик аппараттын жаңы жетекчиси болуп Сапар Исаков дайындалды.

Сапар Исаковду президенттин ишеничтүү кишилеринин бири катары айтып жүрүшөт. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев өзү Ангела Меркел менен жолугушууда аны «оң колум» деп жарыялаганы бар.

Исаков акыркы беш жыл бою президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.

Президенттик аппаратка чейин бул аткаминер Убактылуу өкмөттүн эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы болуп, өкмөт аппаратында жана ТИМде да иштеген. Ал ошондой эле Инновация жана инвестиция боюнча борбордук агенттикти Максим Бакиев жетектеп турган кезде анын курамында кызмат өтөгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: