Азыркы тапта мектеп окуучулары арасындагы алкоголизмге токсикомания да кошулду. Адистер Кыргызстандагы ар бир үчүнчү жеткинчек арак-шарап ичерин айтууда. Муну алар өздөрү деле танбайт.

Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтында жарык көргөн. Макаланын автору: Бактыгүл Чыныбаева.

Борбор калаада 9-класста окуган бул кыз ичкилик менен зыян заттарды жыттагандардын арасында мыкты окуган, жакшы үй-бүлөдөн чыккан да достору бар экенин айтат:

-13-14 жаштагы досторумдун ичип, мас болуп жүргөнүн көп эле байкап жатам. Бул, албетте, аябай ачуумду келтирет. Анткени алар абдан бузулуп жатышат да. Мисалы менин аябай жакшы досум бар. Ал жалаң бешке окуйт, үлгүлүү бала. Аны үйдө ата-энеси абдан жакшы көрөт. Ошондой эле биология сабагы боюнча эл аралык олимпиадаларга чейин катышат. Мына ошол бала азыр ичимдикке берилип кетти. Менин жашымдагылар алкоголдун бардык түрүн ичишет, арак, пиво, коньяк, шарап. Тамеки тартышат, буга кошумча карб жытташат.

Өспүрүм кыздын "карб жытташат" дегенинен ал эмне экенин сураганыбызда жооп бере алган жок. Карбдын түшүндүрмөсүн издеп, Бишкектеги Наркология борборунун өспүрүмдөр бөлүмүнө киргенибизде догдурлар сыртында КАРБ деген жазуусу бар чакан баллонду көрсөтүштү. Көрсө бул баллон менен кадимки эле автоунаанын карбюраторун тазалашат экен. Өспүрүмдөрдүн наркологу Елена Бородина айына жок дегенде жыйырмадай мектеп окуучусу карбга ууланып келип жатканын айтып, баллончону оозуна сээп жыттайт деп түшүндүрдү:

- Мына ушул уу затты жыттаган кыздар, балдар ууланып калып бизге келип жатышат. Мынакей, менин колумдагы бул жыйырмадан ашуун оорулуунун тизмеси дал ушул заттан уулангандар. Тогуз жаштан 18 жашка чейинкилер түшүүдө. 18 жаштан улууларды чоңдордүн наркологиясына жиберебиз. Бирок эң эле жаман жагы алар токсикоман болуп, ушул затка көз карандылык келип чыгууда. Химиялык жол менен ырахат алганга жаштайынан көнгөй балдар кийин оор заттарды, таблеткаларды, маңзаттарды чегишет.

КАРБ – машинанын карбюраторун тазалоочу зат.

Өспүрүм курак өтө татаал болгондуктан баланын уу заттар менен алектенип жүргөнүн иштен колу бошобогон ата-эне байкабай каларын эскерткен адис балдар улуулардан карб, клей жыттап жүргөнүн, одеколон куюнуп же кыздар колумду лактады деп, сагыз чайнап жашырарын айтып, карб, клей сыяктуу азыркы өспүрүмдөрдө популярдуу болуп жаткан уу заттардын зыянына токтолду:

- Карб уу зат болгондуктан организмге аябай чоң зыян алып келет. Аны сепкенде өпкө аркылуу өтүп, бронхторду жабыркатат. Бир нече секунддан кийин мээге чыгат. Анан баланын эске тутуу жөндөмү жоголот. Бала эч нерсеге кызыкпай калат. Мындан ары ушуну жыттагысы эле келе берет. Алгач достору менен баштаса, көз карандылык күчөгөн сайын өзү жалгыз деле жыттайт. Мисалы, аябай элпек балаңыз бар дейли. Анан эле ал бир күнү көздөрү кызарып, агрессивдүү болуп калды. Же түнкүсүн уктабай, күндүз башын көтөрө албаса, тамакты ашыкча жеп калса, анан үйдөн кача баштаса анда ал ушундай заттардын таасирине кабылган болот. Эмнеге жытташат? Себеби алар мас болуп алып шумдуктуу галлюцинацияларды көрүшөт. Аларга химиянын жыты жагат. Бирок, эң негизгиси, алар досторунун көзүнчө кыйын, эр жүрөк көрүнгүсү келишет. Мындайга аябай уялчаак өспүрүмдөр көп барат.

Уу заттарга көз карандылыкты дарылоо эгерде өспүрүм бир-эки жолу эле жыттаса оңой болот. Бирок күчөп кеткен шартта аны айыктыруу айларды, жылдарды алып, жеке эле нарколог эмес, үй-бүлөлүк психологдун да жардамы зарыл болуп калат.

“Ар бир үчүнчү өспүрүм алкогол ичет”

Мыйзам боюнча Кыргызстанда жашы жете элек өспүрүмдөргө алкоголдук жана энергетикалык ичимдектрди сатуу тыюу салынган.

Адистер жакында эле социологиялык сурамжылоо жүргүзүп, Кыргызстандагы ар бир үчүнчү жеткинчек тойлордо же ата-энеси отуруш өткөргөндө арак ичип көргөнүн аныкташкан. Адам канчалык эрте жаштан ичимдикти ичсе ага көз каранды болуу ошончолук тез ишке ашарын Елена Бородина эскертти. Ал эми балдар арасында мындай адаттардын көбөйүп жатканын өспүрүмдөр психологу Ирина Алымкулова белгилеп, себептерине токтолду:

- Бала эмнеге мындай жаман адатка барып жатат деп териштире келгенде проблема жеке эле өспүрүмдө эмес, аны курчап турган бүтүндөй үй-бүлөдө экенин аныктап жатабыз. Бала жөндөн жөн эле барып ичкиликке же уу заттарга берилип кетпейт. Сөзсүз түрдө үй-бүлөсүндө бир көйгөй аны ушуга түртөт. Эмнеге биз психологдор ар дайым бул жакта иштейбиз? Себеби балага психологиялык жардам өтө маанилүү. Эгерде ата-энелер баласынын ичимдик ичкенин байкап же көрүп калышса, эч качан аны жазалоого шашылбашы керек. Тыюу салуу жана жазалоо менен эч качан жакшы натыйжа алууга болбойт. Маселен менин бейтаптарымдын арасында ата-энеси батареяга байлап койгон баңгимандар да болгон. Кээлери камап салышат. Бирок бул проблеманы чечүү жолу эмес.

Жазалоо туура эмес

Социалдык көйгөйлөр, миграция, ата-энелердин бирөөнүн ичимдикке берилүүсү жана бала менен сүйлөшүүнүн жөнөкөй жолун таба албастык гормоналдык өзгөрүүсү туу чокуда турган өспүрүм үчүн чоң зыян болорун адистер эскертишет. Ошондой эле акыркы мезгилде жаштар арасында популярдуу болгон интернеттеги социалдык тармактар да алкоголизм менен уу заттарды колдонууга, аларга байланууга түрткү берип, өспүрүмдөр курбалдаштарына "кыйын" көрүнүү үчүн бул заттарды пайдаланып жатат дейт Ирина Алымкулова.

Психологдор баланын арак, шарап ичип же уу затты жыттап жүргөнүн байкаган ата-эне аны сабап, жазалап, тыйып токтотпой, же таштап коёт деп кайдыгерликке салбай, убагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, анан биринчи кезекте үй-бүлөдөгү тынчтыкты, гармонияны сактоону сунушташат.

Алкогол жана уу заттарды колдонуудан жылына дүйнөдө 2,5 миллион киши көз жумууда. Алардын көбү күчкө толуп турган жаштар жана өспүрүмдөр. 15 жаштан 59 жашка чейинки эркектердин өлүм себеби алкогол жана маңзаттар экенин Дүйнөлүк саламаттык уюму эскертет.


ТЕМА БОЮНЧА: