Президент Алмазбек Атамбаев жакында эле премьер-министр болуп шайланган Сапар Исаковду «мен өзүм өстүргөн жигит» деп атады. Ошондой эле Атамбаев жаңы шайланган өкмөткө ишенээрин айтты.

Атамбаев бул туурасында Ош облусунунун Өзгөн районунда жер көчкүнүн натыйжасында каза болгондордун туугандары менен жана жабыркагандар менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Өзүм өстүргөн жаш жигит премьер-министр болду. Өкмөткө жаштар келди. Алар мен баштаган жолду улап кетээрине ишенем. Алар аягына чыгарылбай калган иштерге, анын ичинде Ынтымак айылы дагы бүткөрүлүшүнө көзөмөл кылат», — деди ал.

Атамбаев Сапар Исаковду бир нече жолу өзүнүн «оң колу» деп атаган.

Исаковду 25-августта премьер-министрлик кызматка дайындашкан. Ал бул кызматта президенттик шайлоо үчүн премьерликтен кеткен Сооронбай Жээнбековдун ордуна келди.

Акыркы жылдары Исаков кызматтык тепкичтен алдыга жылды. Январь айынын этегинде ал президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча байланыш бөлүмүнүн жетекчилигинен кетип, президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлык кызматына келген.

Ал эми 2017-жылдын март айында президент аны президенттик аппараттын жетекчиси кылып дайындаган.

Атамбаев президент болуп келгиче Исаков мурдагы кулатылган өлкө башчы Курманбек Бакиевдин баласы менен иштеген. Ал 2010-жылдагы революцияга чейин Бакиевдер башкарган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин тышкы байланыш бөлүмүн жетектеген.

Ал эми Сапар Исаков төңкөрүштөн кийин дароо эле жаңы келген Убактылуу өкмөттө кызмат өтөй баштаган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: