Кыргызстандыктар Пензадагы жол кырсыгында жабыркашты

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 26-августта Пенза облусунун Спас районундагы жол кырсыгынан жабыр тарткандардын бардыгы кыргызстандыктар экенин билдирди. Кырсыктын кесепетинен бир аял каза таап, беш киши жабыркаган.

Учурда элчиликтин кызматкерлери жол кырсыгынан каза болгон жана жабыр тарткан Кыргызстандын жарандарынын тек-жайларын тактап, алардын туугандарын издеп жатат.

Жол кырсыгы 26-августта М5 «Урал» автожолунун 471-чакырымында болгон. Кыргыз номурлуу кичи автобус жолдун каршылаш тилкесине чыгып, оор жүк унаасын сүзгөн. Сүзүшүүдөн кийин кичи автобус жолдун жээгиндеги аңгекке кирип кеткен.

Кырсыктан 36 жаштагы аял каза болуп, кичи автобустун дагы беш жүргүнчүсү Нижнеломовск райондор аралык ооруканасына жеткирилген.

Кичи автобус менен оор жүк унаасынын айдоочулары жабыркаган эмес.

Полиция окуянын чоо-жайын иликтей баштады.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: