Атамбаев: «КСДПнын талапкерине каршы кампания башталды»

Президент Алмазбек Атамбаев Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдагы куттуктоо сөзүндө КСДПнын талапкерине каршы «кампания жүрүп» жатканын билдирди. Атамбаев эгерде Жээнбеков шайлоодон утуп чыкса, «өлкөнү коррупциядан тазалоо» жолу уланаарын айтты.

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында чогулгандардын алдында сүйлөп жатып өлкө башчысы бийликчил социал-демократтар партиясынын (КСДП) талапкери Сооронбай Жээнбековго каршы «кампания шайлоого чейин эле башталганын» билдирди.

«Бир эле чакырык — ким болсо да КСДПнын талапкери болбосун, анткени эгерде КСДПнын талапкери шайлоодо жеңип чыкса, Атамбаев баштаган жолду улантат, өлкөнү коорупциядан, уурулардан тазалоону улантат», — деп билдирди Атамбаев.

Ошондой эле, ппрезидент эгерде Жээнбеков шайлоодон жеңип чыкса, «бир тууган Орусия жана Кытай» өлкөлөрү менен мамилелерди бекемдөөнү уланта берет деп кошумчалады.

Атамбаевдин айтымында, Жээнбековго каршы «Атамбаев эч нерсе кылган жок» деп билдирген «качкын президенттер, убактылуу өкмөттөгүлөр, саясатчылар, айрым бейөкмөт уюмдар, ЖМКлар» биригип алышты.

Атамбаев дагы бир жолу шайлоодо «административдик ресурс» эч нерсени чечпей турганын айтып ишендирди. Ал шайлоочуларды «капчыкты карабай, абийирдин айткандарын угууга» чакырды.  

Атамбаев 30-августта Бишкек ЖЭБин оңдоодон кийин ачылыш аземинде сүйлөп жатып шайлоодо административдик эмес каржылык ресурстардан коркуу керектигин билдирген. Президенттин пикиринде, «дал ошол шайлоочу менен кошо добуш берүүгө кирет».

Буга чейин президенттикке талапкерлер Темир Сариев менен Рита Карасартова бийликчил КСДПдан президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбековду «административдик ресурс колдонууда» деп айыпташкан. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы Жээнбековдун иш-аракеттеринен мыйзам бузууларды тапкан эмес.

Мурдараак Атамбаев Жээнбековдун талапкерлигин Кыргызстан үчүн «жакшы тандоо» жана ал «чынчыл адам» деп атап колдоого алган. Анда БШКнын сөздөрүндө үгүттөө бар  деп  эсептешкен эмес, себеби ал кезде Жээнбеков президенттикке талапкер катары каттала элек болчу.


ТЕМА БОЮНЧА: