Бириккен төрт саясатчы жаңы партияны «Кайра жаралуу» деп аташты

Саясатчылар Бакыт Төрөбаев, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров өздөрүнүн жаңы партиясын «Кайра жаралуу» деп аташты. Бирок азырынча төртөөнүн ичинен кимиси президенттик шайлоого талапкер катары көрсөтүлөөрү белгисиз.

Төрөбаев өз фэйсбук барагында жазып чыккандай, саясатчылар бул аталышты «элдин идеологиясын жана салттуу баалуулуктарын көтөрүүгө» аракет кылышканы үчүн тандап алышкан.

«Бул атка токтолгонубуздун себебин айта кетейин. Биздин биригүүбүздүн максаттарынын бири, өлкөбүздүн идеологиясын, элибиздин салттуу баалуулуктарын, маданиятын жана адамдардын аң-сезимин көтөрүү болуп эсептелет», — деп жазган саясатчы.

Бирок азырынча аталган жаңы партиядан ким президенттик шайлоого катышуу үчүн көрсөтүлөөрү белгисиз. 31-августка карата Борбордук шайлоо комиссиясы бириккен саясатчылардын ичинен экөөсүн гана президенттикке талапкер катары каттаган. Алар: Бакыт Төрөбаев жана Адахан Мадумаров.

Буга чейин Төрөбаев жаңы партияга аталыш жана эн белги ойлоп табууга сынак жарыялап, жеңүүчүгө Айфон 7 ыйгарылаарын убада кылган.

Сынактын жыйынтыгында 23 жаштагы учурда Москвада жашаган Алмаз Азимбеков жеңүүчү деп табылган. Төрөбаев аны менен скайп аркылуу байланышып, видео көрсөтүү чыгараарын айткан.

Саясатчылар август айынын башында бир партияга биригишип, бирдиктүү талапкерди колдоону чечишкен.

Аталган төрт саясатчынын ичинен Төрөбаев гана бийликте турат — анын «Өнүгүү-Прогресс» партиясы Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орундун 13үнө ээлик кылат.

Кыргызстандын президентин шайлоо ушул жылдын 15-октябрында болуп өтөт.

Бүгүнкү күнгө карата БШК президенттикке алты талапкерди каттаган. Алардын арасында бийликчил КСДПдан Сооронбай Жээнбеков да бар. Талапкерлерди каттоо 10-сентябрга чейин созулат.


ТЕМА БОЮНЧА: