Исаков аткаминерлерге жолдордо коопсуздукту «катуу» камсыздоону буйруду

Премьер-министр Сапар Исаков аткаминерлерге жолдордо коопсуздукту камсыздоо боюнча ишти күчөтүүнү буйруду. Мындан тышкары, октябрдан баштап Чүй менен Манас проспектилеринде пилоттук түрдө «Акылдуу шаар» долбоору ишке кирет.

Өкмөттүн жыйынында Исаков жолдордогу коопсуздук коомдо өтө оорчундуу көйгөй экенин билдирди. Ал окуу жылынын башталышы алдында патрулдук милиционерлер мектеп алдында туруп, жол эрежелерин бузгандарды кармашын буйруду.

«Мектептердин жанында патрулдук милициянын кызматкерлери көп болушу керек. Анан алар жөө өтмөктөн ары эмес, ага чейин туруулары кажет. Кылмышкерлерди кармоо менен алектенүүнүн ордуна алдын алууга аракет жасоо керек», — деди ал.

Өкмөт башчы вице-премьер-министр Темир Жумакадыровго «тийиштүү органдардын бөлүмдөрү менен катуу иштешүүнү» тапшырды.

«Жети ай ичинде жол кырсыктарынан 400 жаран каза тапкан. Бул өтө коркунучтуу сан, мындай нерсе таптакыр болбошу керек», — деп кошумчалады Исаков.

«Акылдуу шаар» долбоору

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Бишкек мэри Албек Ибраимов октябрдан баштап Чүй менен Манас проспектилеринде жол эрежелерин бузгандарды байкаган фото жана видеокамералар орнотулаарын маалымдады.

Мындан тышкары борбордук Ала-Тоо аянтында «Антитеррор» аталыштагы жалпылатып байкаган видео тутуму орнотулат.

Ал эми Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев шаардын борбордук көчөлөрүндө байкоо камераларын орнотуу үчүн даярдоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Акылдуу шаар» долбоорунун пилоттук версиясы өлкөнүн «Таза коом» долбоорунун заманбап санарип платформасын түзүүдөгү негизги булагы болуп эсептелет.


ТЕМА БОЮНЧА: