Орусия: Оренбургда алты кыргызстандык жол кырсыгына кабылды

Оренбург облусунда тогуз кыргыз жараны кетип бара жаткан кичи автобус ыргып кеткен. Алардын алтоосу жабыркап ооруканага жаткырылып, калгандары мейманкага жайгаштырылган.

«Форд Транзит» үлгүсүндөгү кичи автобуста кетип бара жаткан 17 чет элдик жүргүнчү Оренбург шаарынын жанында жол кырсыгына учурашкан.

«Кыргызстандыктар Москвага кетип бара жатышкан. Кичи автобустун салонунда 9 кыргызстандык болгон. Биздин маалыматтар боюнча, алардын алтоосу жабыркап жакын жердеги ооруканага жаткырылган», — деп билдиришти Орусиянын аймактык ӨКМ.

Полициянын алдын ала маалыматтарына ылайык, кичи автобустун айдоочусу уктап кеткен. Машина жолдун каршылаш тилкесине чыгып кетип, жол жээгиндеги суу аккан арыкка кирип кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: