Нарын: Патрулдук милициянын кызматкерине 300 миң сом штраф салынды

Нарын шаардык соту патрулдук милициянын кызматкерине 300 миң сом штраф салды. Айыптоочу тараптын версиясы боюнча, ал бир жыл бою жол эрежесин бузгандардын айдоочу күбөлүктөрүн штраф албай эле кайтарып берип жаткан.

Нарын облусунун прокуратурасы Нарын ИИБдин патрулдук милициясынын инспектору 2016-жылдын январынан тартып 2017-жылдын февралына чейин жол эрежесин бузган 110 айдоочунун күбөлүктөрүн берип салганын билдирди.

«Аталган укук ченемдеринен тышкары жүргүзүлгөн иштер штраф төлөндү деген дүмүрчөктөрү жок таратылган», — деп билдиришти прокуратурадан.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, милиционер мамлекетке 29 миң 400 сом өлчөмүндө зыян келтирген. Ошондой эле тергөө учурунда келтирилген зыяндын ордун толуктаганга мүмкүн болду.

Нарын шаардык соту милиционерди «Шалаакылык» жана «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты. Инспекторго 300 миң сом штраф салынды.


ТЕМА БОЮНЧА: