Стивен Сигал Сапар Исаковду куттуктады

Америкалык актер Стивен Сигал Сапар Исаковду өкмөт башчылык кызматка дайындалышы менен куттуктады. Анын айтымында, Исаков Кыргызстанды «жаркын келечекке» алып келет. Сигал «өзүнүн агасына» бардык жакшылыктарды каалады.

Сигал Исаковду өзүнүн Фейсбук барагында куттуктаган.

«Жакшы жаңылык — менин кымбаттуу досум Сапар Исаков Кыргызстандын премьер-министри болду. Мен ишенем анын акыл-эси менен талыкпаган эмгеги Кыргызстанды улуу өлкө кылат [...] Мен өзүмдүн агам Сапар Исаковго бардык жакшылыктарды каалайм! Кыргызстандын келечеги кең!» — деп жазган актер.

Ошондой эле, актер 2016-жылы Кыргызстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышканына абдан кубанычтамын деп жазган. Сигалдын айтымында, ал «өз үйүндө жүргөндөй сезген» жана Кыргызстанга кайра келүүгө даяр.

Актерду Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна президент Алмазбек Атамбаев чакырып, Сигал оюндун ачылыш аземине катышкан. Актер кыргыздарды бир нече жолу «көчмөн-агаларым» деп атаган, анткени анын атасы бурят, ал эми апасы америкалык индианка болгон.

Ошондой эле Сигалды Кыргызстанда айкидо боюнча башкы нускоочусу кылып дайындашкан.

Сапар Исаковду 25-августта мурдагы министрлер кабинетинин башчысы Сооронбай Жээнбеков шайлоого байланыштуу кызматынан кеткенден кийин премьер-министр кылып дайындашкан.


ТЕМА БОЮНЧА: