Кыргызстан — Мьянма матчы «террористтик коркунучтан улам» токтотулду

Кыргызстандын бийлиги кыргыз улуттук курамасы менен Мьянманын ортосундагы таймашты токтотуу боюнча чечим чыгарды. 2019-жылда боло турган футбол боюнча Азия чемпионатына кезектеги тандоо оюну 5-сентябрда Бишкекте өтмөк.

Матчты токтотуу боюнча чечимиди Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков чыгарган. Бул туурасында журналисттер менен жолугушууда Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов билдирди.

Матчты токтотуу боюнча чечимди Кыргызстан чыгарганы үчүн бул учурда өз тайпасында 3-орунда келе жаткан улуттук курамага санкция колдонулушуна алып келиши мүмкүн.

«Биз минималдуу санкция күтүүдөбүз — техникалык утулуш. Бирок ар кандай болуп кетиши мүмкүн. Мүмкүн жагдай Кувейттин курамасыныкындай болушу ыктымал, аларды жөн гана футболдук картадан алып салышкан», — деди Султанов капа болгонун жашырбастан.

Мьянма тайпада Кыргызстандын башкы каршылашы, учурда ар бир команданын эки матчтан кийин алган экиден упайы бар.

Азия чемпионатына тайпадан экиден улуттук курама өтөөрүүн эске алганда, Кыргызстан үчүн Мьянма менен боло турган матч өзгөчө мааниге ээ болчу.

Жеңиш Кыргызстандын улуттук курамасын тайпанын алдыңкыларына чыгарып, учурда эң башкы курама деп эсептелген Индияга жакындаганга өбөлгө түзмөк.

Семетей Султанов турнирди токтотуу чечимин түшүндүрүп жатат:

Дисквалификация коркунучу

Кыргызстан эч качан Азия чемпионатынын финалдык тепкичине чыккан эмес, ошондуктан учурдагы таймашта улуттук кураманын мүмкүнчүлүктөрү буга чейин болуп көрбөгөндөй бийик бааланып жаткан.

Бирок эгерде Кыргызстанга техникалык утулуш ыйгарып коюшса, бул 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган турнирге катышуу үчүн улуттук курама команданын жолун кыйла эле татаалдаштырып коёт.

Мындан тышкары, мамлекеттин кийлигишүүсү дүйнөлүк футболдо абдан эле колдоого алына турган нерсе эмес, Кыргызстанды дисквалификация кылышы мүмкүн, тагыраак айтканда, «бир нече жылга чейин» футболдон четтетип салуулары мүмкүн деп билдирди футбол федерациясынын президенти.

«Биз Мьянманын футбол федерациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, бизге турнирди жылдырууга макул болушат деп үмүттөнүп жатабыз. Ошондой эле бардык нерсе Азия футбол конфедерациясынан дагы көз каранды», — деди Султанов.

Ошондой эле матчтын токтотулушу акыркы күндөрү катуу талкууланып жаткан Мьянманын батышындагы буддисттер менен мусулмандардын кагылышына дагы байланыштуу болуп жатканын четке каккан жок.

«Агрессивдүү ышкыбоздор»

Мьянманын улуттук курамасы Бишкекке келишкен жана Султановдун айтымында, турнир көрүүчүлөр менен оюнчулардын коопсуздугу үчүн токтотулган.

«Анткени биздин футбол ышкыбоздорубуз агрессивдүү», — деди Султанов.

«Дин маселеси боюнча биздин адамдар сезимтал», — деп кошумчалады ал.

Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы матч коопсуздукту камсыздоо максатында токтотулганын билдирди.

«Мьянмада түзүлгөн жөнөкөй эмес кырдаалга, маселе чоң коомдук талкуу жаратканына жана күчөгөн террористтик коркунуч менен диндер аралык кастыктын айынан массалык башаламандыктарды болтурбоо үчүн матч токтотулду», — деп билдиришти өкмөттүн басма сөз кызматынан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул маселе алардын жоопкерчилигине кирбесин айтып, бирок кийин бул туурасында комментарий берээрин билдирди.

Азия футбол коконфедерациясы азырынча Кыргызстандын бийлигинин чечимине карата эч кандай ой-пикир айта элек.

Авторлошу: Каминат Имирханова