Бишкек: Почта кызматкерлери ардагерлердин жөлөкпулдарын «өздөрүнө өткөрүп» алышкан

«Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери 1 млн сомдон ашык акчаны «өздөрүнө өткөрүп» алышкан. Каражаттарды Улуу ата мекендик согуштун ардагерлерине Жеңиш күнүндө төлөп бериши керек болчу.

Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасы текшерүүдөн кийин почтанын кызматкерлери 1 млн 48 миң 600 сомду «өздөрүнө өткөрүп» алышканын аныктаган.

Акчалар Улуу ата мекендик согуштун ардагерлерине 9-майга карата төлөнүп бериле турган жөлөкпүл болгон.

«Акчалар "Кыргызспочтасы" ишканасынын эсебине которулган. Тогузунчу майга карата Улуу ата мекендик согуштун өзүнчө ардагерлерине төлөнүүгө каралган акчаларды почтанын кызматкерлери өздөрүнө өткөрүп алышкан», — деп билдиришти прокуратурадан.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, почтанын кызматкерлери мамлекетке 80 миң сом зыян келтиришкен.

Учурда «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилди.


ТЕМА БОЮНЧА: