«Коррупциялык көрүнүштөрдүн» айынан «Кыргызтелекомдун» башкаруу курамы каралып чыгат

Премьер-министр Сапар Исаков «коррупциялык көрүнүштөрдүн» айынан «Кыргызтелеком» мамлекеттик компаниясынын директорлорунун курамын кайра карап чыгууну тапшырды. Буга чейин компаниянын башчысы кылмыш иши боюнча кызматтан кеткен.

Исаков 4-сентябрда Маммүлк фондусунун төрагасы Болсунбек Казаков менен жолугушуу учурунда компаниянын каржы ишмердиги азыркыга чейин «ачык айкын» эмес экендигин билдирди.

Өкмөт башчы «Кыргызтелекомдун» жетекчиси «коррупциялык көрүнүштөрдү» жоё албай койду деп эсептейт, ошол себептүү компаниянын директорлор кеңешинин курамын «тез арада» кайра карап чыгуу керек деди.

«Учурдагы жетекчинин жумуштагы кетирген катачылыктары менен өлкө элин жеткиликтүү тез интернет менен камсыздалбаганы боюнча жоопкерчилигин караш керек», — деди Исаков.

«Кыргызтелекомдун» башчысы Эмил Ешеналиев үстүбүздөгү жылдын февралында Казакстандан интернет сатып алуу боюнча жүргүзүлгөн иликтөөдөн кийин кызматтан алынган. УКМК ноябрда «Кыргызтелекомдун» жетекчилиги Казакстан тараптан интернет сатып алуу үчүн «мыйзамсыз келишим» түзүлгөнү боюнча кылмыш ишин козгогон.  

Тергөөнүн версиясы боюнча, Ешеналиев казакстандык компаниялардын интернет кызматына болгон бааны көтөрүү боюнча «бир тараптуу талаптарына ылайык пайдасыз келишим» түзгөн.

Казак операторлору 2016-жылдын июлунда кыргыз компаниялары үчүн интернеттин баасын 1 мбит/сек 12-15 доллардан 30-50$ чейин көтөргөн. Алар өздөрүнүн чечимин орусия тараптан интернет саткан компаниялар бааны көтөргөндүгү менен негиздешкен.

Бирок Орусия тарап интернетке бааны көтөрбөгөнүн билдирген. Кыргыз бийлиги менен операторлор казак бийлиги жана байланыш операторлору менен бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин баанын наркы баштапкы абалына келип, 1 мбит/сек 12-15$ болуп калтырылган.


ТЕМА БОЮНЧА: