Сот акын Ормуковду камакка алуу боюнча токтом чыгарды

Бишкектин Октябрь райондук соту акын Темирлан Ормуковду депутат Дастан Бекешевдин дарегине көзкөрүнөө айтылган жалган каралоо фактысы боюнча бир айга камакка алуу токтомун чыгарды. Милиция Ормуковго издөө жарыялады. Ормуков жашырынбай эле ооруканада даарыланып жатканын билдирди.

Камакка алууга Ормуковдун бийликчил КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин ар-намысы менен кадыр-баркын коргоо боюнча соттук жараянга келбей койгону себеп болгон.

Ормуков фэйсбук барагында сотко ооруканада дарыланып жатканын билдирип, соттун жыйынына катыша албай тургандыгын жазган.

«Мен дарыланып жатам […]. Сот Алиев Авчи Мустафаевич кылмыш иштин бардык убактыларын өткөрүп жиберип, эми менден күчүн чыгарууда… Мен сот менен мамлекеттик айыптоочуга өзүмдүн байланыш координаттарымды калтыргам, бирок ага карабастан мага издөө жарыялашты», — деп жазган ал.

Депутат Бекешев 2017-жылдын февралынын башында Ормуков аны коррупция боюнча айыптап жатканын айтып, милицияга арыз менен кайрылган.

Ормуков болсо Бекешевди оң рулдуу автомобилдерди алып-сатуу менен алектенген ишкерлердин кызыкчылыктарын парламентте коргоо үчүн ири суммадагы акча алган деп айыптаган.

Бекешев Ормуковдун билдирүүсүн текшерүүгө алынышын талап кылган. Милиция Ормуков билдирген фактыларга далил таппай коюп, ага каршы кылмыш жасоо үчүн көзкөрүнөө жалган каралоо фактысы боюнча кылмыш ишин ачкан.

Ормуков ырлары аркылуу өзүнүн фэйсбук барагында президент Алмазбек Атамбаевди жана өкмөттүн аткаминерлерин сынга алгандыгы менен белгилүү.


ТЕМА БОЮНЧА: