Видео: Өспүрүмдөр бири-бирин уруп жатышат. Милиция видеону текшере баштады

Фэйсбук коомдук тармагына 10-15 чакты өспүрүм «Коридор» оюну учурунда кезектешип бирин-бири токмоктоп жаткан видео жайгаштырылган. Милициядан бул окуяны текшере башташканын жана азырынча видео кайсы жерде тартылганы белгисиз экенин билдиришти.

Фэйсбуктун колдонуучусу Айжаркын Муканова 10-15 өспүрүм «Коридор» деген оюнду ойноп жатышканы тартылган видеону жайгаштырган.

Оюнда катышуулар «коридордун» ортосунан өтүшөт, анда ортодон өтүп жаткан катышуучуну башкалар түртүп, тепкилеп сабашат.

 

https://www.facebook.com/100015200254846/videos/273300359853304/

«Бул окуучулардын кылыктарын карагылачы? Эмне деген айбандык? Коридор деген дедовщинанын бир элементи экен. Ортодон өткөн баланы башы көзүнө карабай тепкилеп атышат. Майып болуп калса эмне болот трамва алып? Эртең булардан оңгон адамдар чыкмак беле? Зектер, наркомандар жана бандиттер чыгышы мүмкүн», — деп жазган ал.

Милиция окуянын чоо-жайын текшере баштады. Аталган мекемеден бул видео кайсы облуста тартылганы жана кайсыл мектептин окуучулары экени азырынча белгисиз деп билдиришти.


ТЕМА БОЮНЧА: