Өкмөт: Liglass Trading 18-сентябрга чейин «РусГидрого» 37$ млн которушу керек

Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу боюнча тендерде утуп алган чехиялык Liglass Trading компаниясы 18-сентябрга чейин 37 млн доллар төлөп бериши керек. Бул каражаттар Кыргызстандын орусиялык «РусГидро» компаниясынын алдындагы карызын жабууга жумшалат.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Дүйшенкул Зилалиевдин билдириминде, Кыргызстандын орусиялык «РусГидро» компаниясынын алдындагы карызын жабуу үчүн чехиялык компания 37 млн долларды 18-сентябрга чейин которо алат. Анын айтымында, буга чейин инвесторлор 22-августка чейин каражатты которушу керек деген маалымат «туура эмес чагылдырылган».

«Негизи мөөнөт "Электр станциялар" менен Улуттук энергохолдинг келишимге кол койгондо башталган. [...] Ал 2017-жылдын 18-сентябрында аяктайт. Биздин дагы бир жума убактыбыз бар», — деди Зилалиев.

Чехиялык Liglass Trading июль айынын башында Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу боюнча тендерди утуп алган. Компаниянын жетекчилиги бир гана ГЭСтин курулуп бүтүшүнө инвестиция салбастан, Кыргызстандын «РусГидронун» алдындагы 37 млн доллар карызын жаап берүүнү убада кылган.

Кыргызстан орусиялык «РусГидро» компаниясы менен болгон келишимди бир тараптуу жокко чыгаргандан кийин карыз болуп калган. Алмазбек Атамбаевдин айтымында, келишимди үзүүгө Орусиянын «начар абалда» болуп турган экономикасы себеп болгон.

Ал учурда орусиялык компания Жогору Нарын ГЭСи үчүн айрым бир объектилерди куруп бүткөнгө үлгүргөн.

Кийинчерээк Атамбаев 2017-жылдын июль айында өткөн өзүнүн маалымат жыйынында Liglass Trading менен бир шарт менен гана — эгерде Кыргызстандын «РусГидронун» алдындагы карызын төлөп бербесе — келишимди үзө турганын айткан.

Liglass Tradingдин айланасындагы ызы-чуу чех жана кыргыз ЖМКларынын бул «чыгашалуу компания» деген аталышта чыккан бир нече макалаларынан кийин башталып кеткен.

Бирок фирманын башчысы Михал Смелик ЖМКлардын билдирүүлөрүн четке кагып, компаниянын эсебинде 383 млн евро бар экенин маалымдаган.


ТЕМА БОЮНЧА: