Улуттук кураманын оюнчусу бир буту жок Азис менен футбол ойноду

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын оюнчусу Антон Землянухин Азис Даврановго учурашканы барды. Ал өспүрүм бала менен футбол ойноп, ага бир нече комплект форма жана эки футбол тобун белек кылган.

Азиске Землянухин менен кошо Кыргызстандын футбол боюнча федерациясынын президенти Семетей Султанов дагы барган.

Алар өспүрүмгө бир нече комплект футбол формасы менен футбол ойноого топторду белек кылышкан. Андан кийин Землянухин Азис менен жекеме-жеке футбол ойногон.

Азис «Спутник» басылмасына курган маегиинде, ал белектер ага абдан жакканын жана коноктор келгенине кубанганын айткан.

«Мен Азамат Байматов (Кыргызстандын курамасынын капитаны) келет деп ойлогом, бирок Антон Землянухин келди. Ал дагы Азаматтай болуп мыкты ойнойт экен. Мен абдан толкунданып жаттым, бирок бардыгы жакшы болду. Мага дароо эле бир нече комплект футбол формасы менен эки топ белек кылышты», — деди ал.

Семетей Султанов Азисти бардык оюнчулар менен жеке таанышуу үчүн Кыргызстандын курамасынын машыгууларына чакырды.

Антон Землянухин Кыргызстандын улуттук курамасынын тарыхындагы эң мыкты бомбардир жана эң кымбат футболчусу болуп эсептелет.


Азистин окуясы кошуна балдар менен балдакчан чуркап, футбол ойноп жатканы тартылган видео коомдук тармактарда тарап кеткенден кийин элдин талкуусун жараткан.

Азис беш жыл мурун Бишкектин аялдамасында тормозу иштебей калган маршрутка апасы экөөнү сүзүп кеткенде бир бутунан айрылып калган.

Сокку ушунчалык катуу болгондуктан, бала бир канча метр учуп барып арыкка түшүп жыгылган. Окуя болгон жерге келген доктурлар бала өтө оор жаракат алганын айтышкан. Кийинчерээк алар баланын үй-бүлөсүнө өспүрүмдүн бутун кесүү керек экенин, антпесе ал тирүү калбай калышы ыктымалдыгын айтышкан.

Операциядан кийин Азис өзүнө жаккан спорт түрү футбол ойноону уланткан.

Азистин үй-бүлөсү Бишкектен алыс эмес «Арча-Бешик» жаңы конушунда батирде жашайт. Үй-бүлөдө Азистен тышкары эки бала бар. Эң улуусу 13 жашта, ал Азисти мектепке алып барып, кайра алып келип жардам берет.

Сүрөт: Кыргызстандын футбол боюнча федерациясы.


ТЕМА БОЮНЧА: