Жалал-Абад облусу: Жол кырсыгынан алты адам каза болду

Достук айылына жакын жолдо үч автоунаа сүзүшүп натыйжада алты адам каза тапты. Дагы бир жабыр тарткан адам ооруканага жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жол кырсыгы 14-сентябрь күнү кечинде болгон. Анда Достук айылына жакын Бишкек-Ош авто жолунда «Ауди-100 C4», «Ауди-100» жана «Хюндай-Портер» үлгүсүндөгү машиналар сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын натыйжасында беш адам окуя болгон жерден каза болуп, дагы бирөө ооруканага жетпей көз жумган.

Дагы бир жабыркаган адам Шамалды-Сай шаардык ооруканасына жеткирилген.

Милиция жол транспорт кырсыгынын себептерин аныктоодо.


ТЕМА БОЮНЧА: