«Акылдуу шаар»: Долбоордун каржы булагы менен аны ишке ашырууга кетчү чыгым белгисиз

Журналисттер менен жолугушуу учурунда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров «Акылдуу шаар» долбоорунун каржы булагы менен ага кетчү чыгымдын өлчөмүн атай албай койду. Анын айтымында, Бишкек менен Оштун бийлиги «пилоттук түрдө» программаны ишке ашырып, ага кетчү чыгымды баалашат.

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров өкмөт «Акылдуу шаар» долбооруна сарптала турган каражаттын так өлчөмүн аныктаган эмес деди.

«Учурда биз аны пилоттук түрдө кыла алабыз, бирок ал бүткүл өлкөлүк долбоор болгондуктан ар бир шаар канча каражат керектелет экенин өзү баалайт. Азырынча жалпы так сан жок», — деди ал.

Ошондой эле Жумакадыров журналисттерге долбоордун каржы булагы жөнүндө айтып бере алган жок. Анын айтымында, өкмөт долбоордун чыгымын жаап бере турчу донорлорду издейт.

«Акылдуу шаар» долбоору

«Акылдуу шаар» мамлекеттик «Таза Коом» программасынын тогуз долбоорунун бири, ал шаардын көчөлөрүндө коопсуздукту камсыздаганга жардам берет.  

Өкмөт шаарларда жол кыймыл эрежелерин бузууну аныктаган фото жана видео камераларды орнотууну пландап жатат. Пилоттук түрдө Ош менен Бишкек шаарлары тандалган.

Премьер-министр Сапар Исаков август айынын соңунда «Акылдуу шаар» долбоорун 1-октябрдан тартып Бишкекте пилоттук түрдө киргизүүнү буйруган.

Камералар биринчи кезекте Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишинде орнотулат, ал эми Ала-Тоо аянтында «Антитеррор» аталыштагы жалпылатып байкаган видео тутуму орнотулат.


ТЕМА БОЮНЧА: