Liglass Trading Жогорку Нарын ГЭСинин 37 млн доллар карызын төлөй элек

Чехиялык Liglass Trading компаниясы Жогорку Нарын ГЭСинин карыздарын убадаланган мөөнөттө төлөгөнгө үлгүрбөйт. Компаниянын башчысынын айтымында, бул «Кыргызстандын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдөн» көз каранды.

Liglass Tradingдин жетекчилигинин маалымат жыйыны:

Liglass Trading 19-сентябрга чейин Жогорку Нарын ГЭСинин карызын жабышы керек болчу, ал үстүбүздөгү жылдын жай айларында аталган ГЭСти куруу боюнча тендерде утуп алган.

Бирок Бишкекте өткөн маалымат жыйынында компаниянын башкы директору Михал Смелик Liglass Trading бул нерсени качан кыла алаарын билбестигин маалымдады.

«Биз силердин өкмөт менен сүйлөшүүлөр башталганга чейин силерге алдын ала так бир нерсе айта албайбыз», — деди ал зал толгон журналисттердин алдында.

Смеликтин айтымында, Кыргызстандын өкмөтү менен сүйлөшүүлөр 18-сентябрга белгиленген жана карызды жабуу боюнча жооп ошол күнү белгилүү болушу мүмкүн.

«Биздин жумуш токтоп калган жок, биз инженерлер менен бул жакта, Бишкекте иштеп жатабыз. Бул иш үчүн биз Бишкектен жаңы кеңселерди ачтык. Биз ГЭС курууга жана электр энергиясын өндүрүүгө даярбыз», — деди ал.

Өкмөт азырынча Смеликтин билдирүүлөрүнө коммментарий бере элек.

«Төлөөгө жөндөмсүз»

Смелик маалымат жыйындын көпчүлүк бөлүгүн компаниянын дарегине айтылган сын пикирлерге жооп берүүгө арнады.

Liglass Trading Кыргызстанда ири ГЭС куруу боюнча тендерди утуп алган күндөн тартып эле бир катар чехиялык басылмалар мындай долбоорду ишке ашыра албайт деп компаниянын жөндөмдүүлүгүнөн шек санаган.

Чех басылмасы эң эле күмөндүү факт деп Liglass Trading компаниясынын расмий түрдө кароосуз калган имаратта катталганын, эч качан гидроэнергетика менен алектенбегенин жана өз эсебинде керектүү каражат жок экенин, ошондой эле 2014-жылы чыгашалуу болгонун жазып чыккан.

Кыргызстандын бийлиги сын пикирлерге көңүл буруп, чех компаниясынын алдына Жогорку Нарын ГЭСинин мурунку «Русгидро» энчилеш компаниясынын алдындагы карызын жабууну шарт кылып койгон.

Карызды жабуудагы 37 млн доллар Liglass Trading компаниясынын төлөөгө жөндөмү бар экенине кепил болмок.

Авторлошу: Саша Титова


ТЕМА БОЮНЧА: