Шайлоо-2017: Төрөбаев расмий түрдө Бабанов менен бирикти

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев расмий түрдө башка президенттикке талапкер жана мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен бириге турганын билдирди.

«Өнүгүү-Прогресстин» башчысы өз сөзүндө ал «эл үчүн» колдой турган Бабановду президенттикке татыктуу талапкер деп атады.  

«Биз Өмүрбек Токтогулович менен бул маселени абдан көп талкуулап, эл үчүн күчүбүздү бириктирели деп чечтик. Биз учурдагы бийликтин катачылыктарын кайталабайбыз. Биз башкача жол менен барабыз. Бабанов мага саясий тандем түзүүнү сунуштады. Бүгүн мен расмий түрдө биз Өмүрбек Токтогулович экөөбүз бириккенибизди билдирем», — деди Төрөбаев.

Ошондой эле саясатчы, эми алардын жалпы урааны — «Бабанов — президент, Төрөбаев — премьер-министр» деп кошумчалады.

Сүрөт: Твиттер

Ал эми Бабанов бул күндү тарыхый деп атады. Мурдагы премьер-министрдин айтымында, «Кыргызстанды көтөрө турган» эки ири саясий күч бирикти.  

«Менин элим, мен сиздерден колдоо күтөм. Биз жөн гана шайлоодо утуш үчүн бириккен жокпуз. Биздин программабыз бир, максатыбыз бир — ал Кыргызстанды көтөрүү, коррупцияны жоюу, пенсияны көтөрүү, бюджетте иштегендердин, медиктердин маянысын жогорулатуу», — деди Бабанов.

Бабанов менен үчүнчү саясатчы Адахан Мадумаров дагы биригиши мүмкүн. Бул туурасында ал 16-сентябрда айтып, ал менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген.

Буга чейин Төрөбаев Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Ахматбек Келдибек мүчөлүк кылган сасий уюмга кирген.

Саясатчылардын төртилтиги президенттикке бирдиктүү талапкерди чыгарабыз деп билдиришкен.

Бирок бул нерсени ишке ашыруу мүмкүн болбоду, анткени Ташиев бийликчил КСДП партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп чыгып, бирдиктүү талапкерди чыгаруу ишке ашпай калган.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.


ТЕМА БОЮНЧА: