Шайлоо-2017: Мадумаров Бабанов жана Сариев менен биригүүнү сүйлөшүп жатат

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын башчысы Адахан Мадумаров билдиргендей, ал мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов жана «Ак Шумкар» партиясынын башчысы Темир Сариев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мадумаровдун айтымында, ал «келечек үчүн биригип, башчы» болгонго даяр талапкерди колдойт.

Бул тууралуу саясатчы 16-сентябрда Ош облусунун Өзгөн шаарында өзүнүн шайлоочулары менен болгон жолугушууда айтты.

Ал сүйлөп жатып жарандар өз жердештерин колдоосу керек деген пикирге кошулбастыгын айтып, Бабановдун талапкерлигин жактырды.

«Бизге биздин айылдан чыккан президенттин кереги жок, бизге бүткүл өлкөнү башкарган адам керек! Биз жердешчиликтен кайтышыбыз керек. Мага Өмүрбек Бабанов бул жакта [Өзгөндө] жолугушуу өткөрүп жатканын айтышканда, мен чогулушка келип, ага: "Кош келдиң!" деп айтууну чечтим. Бул туура. Мен анын сүрөттөрүн айрыган жокмун, анын көрнөктөрүн сыйрыган жокмун, ага "Сен бул жердик эмессиң, бар өзүңдүн районуңа кет" деп айткан жокмун», — деди Мадумаров.

Буга чейин ЖМКларда Бабанов менен президенттикке башка талапкер «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев биригиши мүмкүндүгү маалымдалган.

«Азаттык» үналгысынын маалыматына ылайык, алар эгерде Бабанов президент болуп шайланса, Төрөбаев премьер-министрлик кызматка сунушталаарын келишишкен. Маалыматта саясатчылар бул тууралуу 17-сентябрда Жалалд-Абадда жарыялай тургандыктары жазылган.

Буга чейин Төрөбаев саясатчылар Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров менен «Кайра Жаралуу» бирдиктүү партиясынын алдында бириккен болчу. Саясатчылардын төртилтиги бирдиктүү талапкерди чыгара тургандыктарын айтышкан.

Бирок бул нерсени ишке ашыруу мүмкүн болбоду, анткени Ташиев бийликчил КСДП партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп чыккан. Натыйжада жаңы түптөлгөн «Кайра Жаралуу» партиясы таркатылган.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.


ТЕМА БОЮНЧА: