Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 19-сентябрда Алматыда Кыргызстандын президенттигине талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолугушту. Борбордук шайлоо комиссиясы бул жолугушууда мыйзамсыз үгүттөө курамы бар-жок экенин изилдеп чыгып, натыйжада мыйзам бузуу болгон эмес деп тааныды.

Бабановдун Назарбаев менен болгон жолугушуусу 19-сентябрь күнү кечинде Боршайкомдун көңүлүн бурган.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов «Азаттык» үналгысына курган маегинде жолугушууга баа бере турганын убада кылган, бирок эртеси күнү эртең менен Kloop.kgнин журналистине жолугушуу фактысында мыйзам бузуу болбогонун билдирди.

Бирок анын айтымында, Бабанов менен Назарбаевдин жолугушуусу боюнча ЖМКлар таратып жаткан теоретикалык материалдар үгүттөө эрежелерин бузуу болушу мүмкүн.

«Жолугушуунун өзү үгүттөө эмес, таркатылган материалдар үгүттөө болуп эсептелет. […] Казак ЖМКларынын материалдарына комментарий бере албайм. Биз байкоо салып турабыз, эгерде бизде таркатылса, биз мыйзамга ылайык чараларды көрөбүз», — деди БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов.

Бирок анын сөзүндөгү жолугушуу боюнча жаңылыктар үгүттөө болуп эсептелеби же жокпу түшүнүксүз бойдон калды (азыркы сиз окуп жаткан макаланы эсепке алганда).

Бабанов — президенттикке талапкерлердин ичинен Казакстандын президенти менен жолуккан жалгыз саясатчы. Ошондуктан бул окуя ЖМК тарабынан күтүлгөн кызыгууну жаратты.

«Прецедент» компаниясынын юристи Эдил Эралиев Kloop.kgнин журналистине курган маегинде, мыйзам бузуу боюнча бирдиктүү натыйжа чыгаруу мүмкүн эмес экенин айтты.

«Мыйзамда "Жалпыга маалымадоо каражаттарынын эркиндиген кыянат пайдалануу" жөнүндө айтылат, тагыраак айтканда кайсы ЖМК экени айтылбайт, жалпы ЖМКлар тууралуу сөз болот. Бирок таркатуу Бабановдун штабы тарабынан болгон жок, ошондуктан ал бул материалдын үгүттөөсү менен алектенген жок. Алар [БШК] ал президенттикке талапкер болуп туруп атайылап башка саясий ишмер менен жолукканын далилдеши керек».

Ал эми Бабановдун штабынан анын Назарбаев менен болгон жолугушуусуна комментарий берүүдөн баш тартышты.

15-октябрда өтө турган президенттик шайлоодо 13 талапкер ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: