Чубак ажы Жалиловдун Жээнбековду колдошу үгүт эрежелерин бузгандык болушу ыктымал

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов бийликчил партиядан президенттикке талапкер Соооронбай Жээнбековду саясатчы өзүнүн шайлоочулары менен болгон жолугушуу учурунда колдоду. Активист Адил Турдукулов Жалиловго жана Соооронбай Жээнбековдун штабына эскертүү чыгарып берүүнү суранып Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылган.

YouTubeдун колдонуучусу Турусбек Матиев Жээнбековдун Жалал-Абад облусунун Барпы айылындагы шайлоочулары менен болгон жолугушуусунун видеосун жарыялаган. Ал жолугушууда мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов бийликчил талапкерге добуш бергиле деген чакырык менен сүйлөгөн.

«Мен, Чубак ажы Жалилов, Кыргызстандын жараны катары Сооронбай Жээнбековду колдойм жана бардык кыргызстандыктарды Жээнбековду президенттикке шайлагыла деп чакырам», — деди ал.

Жарандык активист Адил Турдукулов Жалиловдун иш-аракеттери менен Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабынын үстүнөн БШКга арызданды.

Активисттин айтымында, Жалилов диний ишмер жана Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгын (КМДБ) мүчөсү болуп эсептелет, ошондуктан шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга укугу жок.

«Бул иш чара Жээнбековдун штабы тарабынан уюштурулган, ал жерде Жалилов сүйлөп чыккан. Алар бул нерсеге мыйзам жол бербестигин билип туруп, Жалиловду чакырышкан. Бул фактка БШК көңүл бурушу керек», — деди Турдукулов.

«БШКда дагы административдик ресурс колдонулууда»

БШКнын өкүлү Kloop.kgнин кабарчысына курган маегинде айткандай, комиссия азырынча Турдукуловдун арызы боюнча чечим чыгара элек. Бирок ал «диний ишмерлердин үгүт иштерине катышуусуна жол берилбесин» кошумчалады.

Боршайкомдун мүчөсү Атыр Абдрахматова «Кактус» онлайн басылмасына билдиргендей, эгерде Жалиловдун расмий түрдө диний ишмердүүлүккө тиешеси далилденсе, анда Жээнбековго эскертүү берилет.

«Ал кимге үгүттөгөн болсо, ошол талапкерге эскертүү берилиши керек. […] Кесиптештерим мыйзам бузуу болгонун көрөөрүнөн шегим бар. Админресурс БШКда да колдонулуп жатат деп ойлойм», — деди ал.

КМДБдан «Кактуска» айтышкандай, Жалилов өзүнүн жеке ой-пикирин билдирген.

«Чубак ажы Жалилов мурдагы муфтий болуп эсептелет, бул "мурдагы төрага" же "мурдагы министр" деген наамга окшош. Ал коомдук-диний ишмердүүлүк менен алектенет. Биз дагы Жалиловдун сүйлөгөн сөзү менен таанышып чыктык, ал жаран катары сүйлөдү деп эсептейбиз», — деген КМДБдан.


ТЕМА БОЮНЧА: