Исаков Зилалиевди шайлоо штабынын жетекчилик кызматынан алды

Премьер-министр Сапар Исаков вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалдиевди бийликчил президеттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго жеке артыкчылык көрсөткөнү үчүн Шайлоолорго даярдануу боюнча республикалык штабдын жетекчилик кызматынан алды. Буга чейин «Азаттык» үналгысы Зилалиев элдерди Сооронбай Жээнбековго добуш бергиле деп айтып жатканы жазылган аудио жазманы жарыялаган.

Исаков вице-премьер-министр Зилалиевге Жээнбековго «жеке артыкчылык бергени» үчүн эскертүү берип, аны Шайлоолорго даярдануу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчилик кызматынан алды.

Өкмөттөр кабинетинин башчысы бул кызматка башка вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду дайындады.

Мурдараак «Азаттык» үналгысы Зилалиев Жээнбековду колдой турганын жана элдерди ага добуш бергиле деп чакырганы жазылган аудио жазманы жарыялаган.

«Мен сиздерди бизди колдоого суранам, биздин талапкерди. Президенттин саясатын Сооронбай Шарипович улантат. Мен өзүм ага добуш берем», — деди ал.

Зилалиев «Азаттык» үналгысына анын сөздөрү үгүттөө эмес, болгону жеке пикирди билдирүү экенин айткан.

«Прецедент» компаниясынын юристи Ильяна Жедигерова Kloop.kgнин кабарчысына мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкерлер өзүнчө бир талапкерлерге карата өздөрүнүн жеке артыкчылыктарын көрсөткөнгө укуктары жок деп билдирди, анткени бул шайлоо алдындагы үгүттөө болуп эсептелет.

Буга чейин Зилалиев шайлоо алдындагы үгүтөө иш-чараларында административдик ресурс колдонгондорду «катуу жазалай» турганын билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: