БШК Жээнбековдун китепчелеринен «мезгилсиз үгүттөөнү» тапкан жок

Борбордук шайлоо комиссиясы КСДПнын 15-июлдагы съездинде таратылган президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун китепчелеринде «мезгилсиз үгүттөө» жок деп эсептейт. Буга чейин жарандык активист Адил Турдукулов Жээнбеков үгүт мезгили баштала электе үгүт материалдарын тараткан деп айтып Боршайкомго арыз берген.

БШКда чынында эле КСДПнын 15-июлдагы съездинде таркатылган «Сооронбай Жээнбековдун» китепчелеринде «үгүттөөнүн белгиси» бар экенин моюндашты.

Буга карабастан, Боршайкомдун жумушчу тобу Жээнбеков таркаткан китепчелер үгүттөө эмес деп чечим чыгарды. Анткени аларды КСДПнын делегаттарына тараткан, ошондой эле ал «партиядан президенттик кызматка талапкер боло элек болчу».

Турдукулов БШКга 23-августта арыз берген. Өзүнүн арызында ал КСДПнын 15-июлда өткөн съездинде делегаттардын арасында Жээбековдун премьер-министрлик кызматтагы жетишкендиктери жазылган китепчелер таркатылгын айткан. Активист мындай иш-аракеттерди «мезгилсиз үгүттөө» деп атаган.

Жээнбековдун штабы жооп катары Турдукулов өз дооматтары менен «коомчулукту адаштырууда» деп айыптап, КСДПнын съездинде мыйзам бузуулар болбосу үчүн БШКнын мүчөлөрү катышканын билдирди.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: