Ош: Соцфонддун кызматкерлери маянасына мыйзамсыз сыйакы кошуп алышкан

Ош облусунун прокуратурасы Өзгөн районундагы социалдык фонддун кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгоду. Алар айлык маяналарына кошумча сыйакы менен үстөк төлөмдөрдү чегеришип алышкан.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, Соцфонддун кызматкерлери 2014-жылдын башынан 2017-жылдын июнь айына чейин камсыздандыруу мүчөлүк акыларын чогултуу боюнча кварталдык жана жылдык көрсөткүчтөрдү аткарбаганына карабастан өздөрүнө мыйзамсыз кошумча акыларды чегеришкен.

Өзгөн райондук социалдык фонддун кызматкерлеринин айлык маяналарына иштеген жылдары үчүн жалпы 1 млн 677 миң сом өлчөмүндө мыйзамсыз сыйакы менен кошумча төлөмдөр чегерилген.

«Кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «Шалаакылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.


ТЕМА БОЮНЧА: