Антонина Шевченко Лондондо өткөн эл аралык ММА турниринде жеңишке жетти

Кыргызстандык Антонина Шевченко 12 жылдык тыныгуудан кийин эрежесиз эр уруш спортуна кайтып келип, дароо эле биринчи таймашта жеңишке жетишти.

ММА Phoenix 3 боюнча эл аралык турнир Лондондо (Великобритания) болуп өттү.

Жеңил салмак категориясындагы рейтингдик таймашта Антонина Шевченко Великобританиянын спортчусу Керри Хаджес менен беттешкен.

Үч айлампага созулган беттеште калыстар тобу бирдиктүү чечим чыгарып, жеңишти Кыргызстандан барган спортчу Шевченкого ыйгарышты.

Антонина Шевченко — тай боксунун эрежелери боюнча Phoenix Fighting Championship чемпиондук курунун ээси, ал ММА спортуна 12 жылдык тыныгуудан кийин кайтып келди.

Жалпысынан эрежесиз эр уруш боюнча беттештерде Шевченконун кенжеси 6 таймаш өткөрүп, бардыгынан жеңишке жетишкен.


ТЕМА БОЮНЧА: