АКШ: Лас-Вегастагы атышуу учурунда 50дөй адам набыт болуп, ок чыгарган адам өзүн-өзү атып салды

Белгисиз адам Лас-Вегастагы музыкалык фестивалдын учурунда адамдарга каршы ок чыгарды. Соңку маалыматтарга ылайык, 50дөн кем эмес адам каза таап, 200гө жакыны жабыр тарткан. Кол салуучуну полиция атып салды.

Лас-Вегастын шерифи жозеф Лобмардо билдиргендей, кантри музакасынын фестивалы учурунда 50дөй адам набыт болуп, 200гө чукулу жабырланган. Анын айтымында, ал учурда кызматта болбогон эки полиция кызматкери каза болгон.

Баштапкы маалыматка ылайык, ок чыгарган адам полиция тарабынан жок кылынганы айтылган, бирок кийинчерээк 64 жаштагы Стивен Пэддок өзүн-өзү атып өлтүргөнү белгилүү болду.

Полиция отельдин номерине кирип барышкандан кийин алар ал жакта кошумча ондой ок атуучу курал жарактарды табышкан.

Полициянын маалыматына ылайык, кол салуучу адам жакын жердеги отелдин балконунан фестивалдын катышуучуларын мээлей ок чыгарган. Ал укук коргоо органдарынын кызматкерлери келген учурда полициянын машиналарын аткылай баштаган.

Полиция отелдин жанында штаб ачып, атайын операцияны баштап, анын жүрүшүндө кылмышкер жок кылынган.

Жергиликтүү ЖМКлар күбөлөргө таянып ок чыгаруу «тынбай болгонун» билдирүүдө.

«Обойманын артынан обойма — октор бардык жерде учуп жатты», — деп айтты окуяга күбөлөрдүн бири.

Лас-Вегастагы окуя АКШнын тарыхындагы каза болгондордун саны боюнча эң эле ири катталган окуя болуп калды.

Кошмо штаттарда клубдарга жана көңүл ачуу иш-чараларына келген көрүүчүлөргө каршы ок чыгаруу биринчи эле жолу болуп жаткан жок. Үстүбүздөгү жылдын март айында Цинцинатти шаарындагы түңкү клубдун кардары башка көңүл ачып жаткан адамдарга карата ок чыгарган, анын натыйжасында бир адам каза болуп, дагы 14 адам жаракат алган.

Эң эле чуу жараткан кол салуу окуясы 2016-жылдын июнунда Орландо шаарындагы (Флорида штаты) «Пульс» деген аталыштагы бачабаздардын клубунда болгон. Анда кол салуучу 49 адамды өлтүргөн жана 53 адам жаракат алган.


ТЕМА БОЮНЧА: