Сот Канатбек Исаевди эки айга камакта калтырды

Биринчи май райондук соту парламенттин депутаты Канатбек Исаевди эки айга камоо токтомун чыгарды. Исаев «бийликти күч менен басып алууга» шектелүүдө.

Исаевди 30-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камашты.

УКМК саясатчы Исаевди 30-сентябрда кармап, ага каршы «бийликти күч менен басып алууга» даярдануу үчүн кылмыш ишин козгошкон.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Исаев «массалык башаламандык уюштуруу үчүн кылмыштуу топтор менен сүйлөшүп алган»

Алардын оюнча, Исаев менен анын шериктери президенттик шайлоонун «жыйынтыктары бурмаланышы» үчүн каршылыкка чыга турган адамдарды өз катарларына тартышмак. Ал эми андан кийин каршылык билдирүүлөр массалык башаламандыкка айланып кетиши мүмкүн болчу.

УКМКнын божомолдошунча, эгерде 15-октябрдагы президеттик шайлоодо Бабанов утулуп калса бул нерсе ишке ашмак.

Ал эми Бабанов өзү билдиргендей, Исаевди анын тарапташы болгону үчүн кармашкан. Бабановдун пикиринде, аны президенттик жарышта биринчиликте келе жатканы үчүн каралоого аракеттенишүүдө.

Улуттук коопсуздук мамкомитети Бабановдун Исаевдин кармалышы боюнча айткандарын тергөө менен коомдун пикирин «саясий нукка» буруп кетүү аракети деп аташкан.

Өмүрбек Бабанов — келерки 15-октябрда өтө турган шайлоодо бийликчил партиянын президенттикке талапкери Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандаштарынын бири.

Дагы бир кылмыш иши

Канатбек Исаев — Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири жана «Кыргызстан» партиясынын мурдагы башчысы. Саясатчы 2016-жылы президент Алмазбек Атамбаев демилгелеген Баш мыйзамга түзөтүүлөрдүн киргизилишине каршы чыгып, реформа боюнча талаш-тартыштардын жүрүшүндө партиясын башкарбай калган.

Исаевге башка кылмыш иши козголгон. Аны коррупция, жасалма келишимдерди түзүү жана мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз сатууга айыпташкан.

Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, 2010-жылдын апрелинде ал Токмокто автостанцияны куруу боюнча жасалма тендер өткөрүп, мамлекетке бир миллион сомдон ашуун чыгаша келтирген.

Ошондой эле, ал 700 миң сомдон ашуун сомго жасалма келишим түзүү боюнча айыпталган. Тергөө аны жатакананын имаратын мыйзамсыз сатуу боюнча айыптаган. Бул келишимден мамлекетке келтирилген чыгаша эки миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

Канатбек Исаев өзү бул дооматтарды четке кагып, кылмыш ишин козгоого негиз жок экенин билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: