Өзбекстан: Студентти бачабаздыкка айыптап, жылаңачтап сабап салышты

Telegram мессенджеринде адамдардын тобу жаш баланы сабап, кемсинтип, андан бачабаз экенин моюнга ал деп талап кылып жатышканы тартылган видео таратылган. Милиция шектүү төрт адамды кармап, адамды сабоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жаш жигит токмоктолуп жана кемсинтүүгө алынып жатканы тартылган видео 29-сентябрда Telegram мессенджери аркылуу тарап кеткен. Видеодо балдардын тобу студент баланы сабап, кемсинтип, бачабаз экенин моюнга алдырууга мажбурлап жатышканын көрүүгө болот.

Өзбекстандын «Озодлик» басылмасынын журналисттери видеодогу окуя 2017-жылдын жай мезгилдеринде Ферганадагы жергиликтүү студенттердин арасында болгонун аныкташкан.

Видео тасмада алар жаш баланы энеден туума кылып чечинтишип, аны сабап, андан кийин өлтүрүп салуу коркутуулары менен аны айнек бөтөлкөгө отургузууга мажбур кылышкан.

«Болду эми, отур бөтөлкөгө. Биринчи сен жакшыраак отурасың дагы, андан кийин үйүңө кетесиң», — деп айтат видеонун каармандарынын бири.

Журналисттер жаш бала менен жолугушуу атайын уюштурулганын аныкташкан. Жаш жигит 2017-жылы жай мезгилдеринде интернетте өзүн бачабазмын деп атаган бала менен таанышкан. Алар Фергананын аймактарынын биринде кездешүүнү сүйлөшүшкөн, ал жакта аны агрессивдүү түр көрсөткөн адамдардын тобу күтүп турган.

Фергана облусунун милициясынан билдиришкендей, адамды токмоктоого катышкан төрт адамды кармашкан. Аларга каршы кылмыш иши козголду.

Өзбекстанда ЛГБТ-коомчулугунун укуктарынын абалы

Өзбекстан — бачабаздык үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган дүйнөдөгү көп эмес өлкөлөрдүн бири.

Өзбекстанда эркектер менен эркектердин ортосундагы жыныстык катнаш үчүн үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Human Rights Watch укук коргоо уюму өзүнүн баяндамаларында Өзбекстанды «Бачабаздыкка каршы кодулоолор терең жайылган өлкө» деп атаган.

Уюмдун өкүлдөрү өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылуусунда, милиция ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрүн ачыкка чыгаруу же түрмө менен коркутуп, алардан акча опузалап жатышканын билдирген.

Сүрөт: «Озодлик»


ТЕМА БОЮНЧА: