Видео: Өзбекстандын акими мугалимдерди чапкылап жатат

Видеого Өзбекстандагы Сайхунабад районунун акими Носиржон Эгамбердиев өзүнүн алдында тизилип турган мугалимдерди кемсинтип жана чаап жатканы тартылган.

Мугалимдерди сабап жаткан видео Kun.uz басылмасынын редакциясына келип түшкөн. Күбөлөрдүн айтымында, бул окуя август айынын соңунда Сырдарыя облусунун Сайхунабад районунда болгон.

Аким Носиржон Эгамбердиев мектеп директорлору менен мугалимдерди чогултуп, катарга тизип, айрымдарына күч колдонуп кемсинте баштаган.

Видеодо Эгамбердиев алдында тургандарды чапкылап, наарызылыгын айтып кыйкырып жатканын көрүүгө болот.

«Мен байкуш райондун башчысын итче чуркатып жүрөм, күнөөсү бар, ме сага. Эмне сен өз районуңду сыйлабайсың?» — деп кыйкырат аким.

Ошондой эле аким адамдарды Өзбекстандын эгемендигин баалабай жатышканы үчүн жана уяткарыш үчүн сабайт.

«Сенин өлкөңдүн эгемендиги сенин эгемендигиң болуп эсептелбейби? Бул мүмкүн сага майрам болбой калдыбы?» — деп сурайт Эгамбердиев.

Өлкөнүн Эгемендик күнүнө арналган майрамдык салтанаттар 25-августка белгиленген, бирок кийинчерээк аны 27-августка жылдырышкан.

Айрым мектеп директорлору менен мугалимдер салтанатка кайрадан адамдарды чогулта албай коюшкан, ошондуктан майрамда күтүлгөндөй адамдардын саны аз болгон.

Облустун башчысы Эгамбердиевге эскертүү берген, ошондон кийин ал өзүнүн жинин элдерден чыгарган.


ТЕМА БОЮНЧА: