Бишкек: МКК эки жаңы Калкты тейлөө борборун ачат

Бишкекте 9-октябрдан баштап эки жаңы Калкты тейлөө борборлору иштей баштайт. Аларда эне бала үчүн бөлмөлөр жана акысыз вай-фай болот.

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) басма сөз кызматынан билдиришкендей, Айтматов проспектинде жайгашкан эски аэропорттун имаратындагы КТБ көчүп жатканына байланыштуу 9-октябрдан баштап өз жумушун токтотууда. Анын ордуна МКК эки жаңы борбор ачат.

Эски КТБ Бишкектин үч районунун калкын тейлеп келген. Алар Биринчи май, Ленин жана Октябрь райондору. Мындан тышкары анын имаратында Октябрь менен Ленин райондорунун Жарандык ал-абалдарды катто бөлүмү бар болчу.

Жаңы КТБларды кайсыл жерден тапса болот?

КТБ-1 Медеров менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде орун алат. Ал жакта Биринчи май жана Октябрь райондорунун катто жана паспорттук бөлүмдөрү болот.

КТБ-2 мурдагыдай эле Аламүдүн-1 кичи районундагы Көлбаев менен Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратта калат.

Ленин районунун тургундары үчүн 3 деген номердин алдында жаңы Калкты тейлөө борбору ачылат. Ал Жаш Гвардия бульвары менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде ачылат.

Ошондой эле борборлор «фронт жана бэк кеңселер» форматында иштеп башташат. МККнын маалыматына ылайык, фронт кеңселер документтерди кабыл алышат, ал эми бэк кеңселер аларды текшерип, чечимдерди кабыл алат.

«Иштин мындай форматы менен мамлекеттик кызматтарды тез арада жана сапатуу түрдө көрсөтүүгө болот. Ошоной эле, өздөрүнүн кезегин күтүп жаткан жарандардын ыңгайлуулугу үчүн акысыз вай-фай орнотулган жана эне бала үчүн өзүнчө бөлмө даярдалган», — деп билдиришүүдө МККнан.  

Үстүбүздөгү жылдын июлунда МККнын башчысы Дастан Догоев жарандардын кезек күтүүлөрдүн көптүгүнө арызданышканынан улам КТБлар үчүн жаңы имараттарды табууну тапшырган.


ТЕМА БОЮНЧА: