Мамлекеттик каттоо кызматы кезектин көптүгүнөн жаңы калкты тейлөө борборлорун ачат

Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы жетекчиси Дастан Догоев калкты тейлөө борборлору үчүн жаңы имарат табууну тапшырды. Мындай чечимге калкты тейлөө борборлорундагы кезек күтүүлөр себеп болгон.

Догоев 4-июлда калкты тейлөө борборлорун (КТБ) текшерип, алардын иштөө тартибин өзгөртүү керектигин билдирген. Анткени элдер кезектин көптүгүнө арызданышкан. Анын айтымында, учурда тейлөө борборлору күнүнө 2000 адамды тейлешет.

«Мен ылайыктуу имарат табуу боюнча тийиштүү тапшырма бердим. Ылайыктуу имарат табылаары менен Бишкекте үчүнчү калкты тейлөө борборун ачабыз», — деп убада кылды ал.

Жаңы ачыла турган КТБ Бишкектеги Ленин районунун жашоочуларын тейлемекчи.

Ошондой эле, МКК шаардын чыгыш тарабындагы Чолпон-Ата көчөсүндө жайгашкан КТБны жаңы имаратка көчүрүүнү каалайт. Шаардын тургундары менен коноктору КТБдагы чоң кезектерге бир нече жолу арызданышкан.

Көйгөй 2016-жылдын ноябрь айында жаралган, анда Кыргызстандын бийлиги бардык чет элдик жарандарды өлкөнүн аймагына кирген соң беш күндүн ичинде каттого турууну милдеттеген. Анда КТБ каттого туруш үчүн келген чет элдиктердин агымын тейлегенге жетишпей калган.

Бирок бир нече айдан кийин бийлик 90 өлкөнүн жарандарына Кыргызстандын аймагында беш күнгө чейин каттоосуз жүрүүгө уруксат берген.

Догоев Мамлекеттик катто кызматынын төрагалыгына Тайырбек Сарпашев кеткенден кийин бекитилген. Буга чейин ал МКК төрагасынын орун басарлык кызматын аркалаган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: