Мирзиёев кырзыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо мыйзамына кол койду

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызын тактоо боюнча келишимди ратификациялоо мыйзамына кол койду. Буга чейин ушундай эле документке Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аралар боюнча келишимди ратификациялоо мыйзамына Мирзиёев 4-октябрда кол койгон.

Буга чейин ушул эле күнү мыйзам Олий Мажлистин — Өзбекстандын парламентинин жыйынында кабыл алынган.

Келишим кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызын (1170 чакырымын) аныктайт. Документке 2017-жылдын 5-сентябрында президент Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында кол коюулган.

Олий Мажлистин эл аралык кызматташтык боюнча сенаттык комитетинин төрагасы Алишер Курманов билдиргендей, өлкөлөрдүн ортосундагы чек аралардын калган бөлүгү жакын арада такталышы керек.

Кыргызстанда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо мыйзамы 2017-жылдын 28-сентябрында кабыл алынган, ал эми Атамбаев ага 2-октябрда кол койгон.

Учурда кыргыз-өзбек чек арасындагы 50 аймакта 200 чакырым жер тактала элек. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 1370 чакырымды түзөт.

Мамлекеттик чек араларды аныктоо боюнча жигердүү сүйлөшүүлөр Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов дүйнө салгандан кийин жандана баштаган.

Өлкөлөр ортосундагы чек араны тактоо маселеси Советтер биримдиги тарагандан бери чечилбей келген, анткени Борбор Азиядагы өлкөлөр жерлерди тактоо үчүн ар кандай документтер менен карталарды сунуштап келишкен.

Кыргызстан менен Өзбекстандын жерлери Фергана өрөөнүндө тыгыз байланышып, өлкөлөр ортосунда катаал чек ара тутумун түзөт. Анткени бири-биринин аймагында жайгашкан анклавдар абалды оорлоштуруп турат.


ТЕМА БОЮНЧА: