Төрөбаев Бабановдун пайдасына президенттик шайлоодон талапкерлигин алат

Президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев билдиргендей, ал шайлоодон өз талапкерлигин алууда. Борбордук шайлоо комиссиясы аларга саясатчыдан расмий арыз тушө элек экенин билдиришти.

Төрөбаев Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата айылынын шайлоочулары менен болгон жолугушууда шайлоодон өз талапкерлигин алып жатканын билдирди.

«Бир бак токой боло албайт, ошондуктан мен Бабанов менен бириктим жана учурда мен БШКга өз талапкерлигимди алуу боюнча арыз тапшырдым», — деди саясатчы.

Бирок Боршайкомдон Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, азырынча аларга Төрөбаевден арыз түшө элек.

Мурдараак шайлоодон башка саясатчы Камчыбек Ташиев өз талапкерлигин алган, ал «өлкөнүн бүтүндүгү» үчүн бийликчил КСДП партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоону чечкен.

Бабанов менен Төрөбаевдин тандеми

Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабанов 17-сентябрда биригишкен. Өз сөзүндө «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башчысы Бабановду «эл үчүн» колдой турган «татыктуу талапкер» деп атаган.  

Ал эми Бабанов өзү бул күндү тарыхый деп атаган. Саясатчылар эгерде Бабанов шайлоодо жеңсе Төрөбаев премьер-министр болот деп келишишкен.

Буга чейин Төрөбаев саясатчылар Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров менен «Кайра Жаралуу» бирдиктүү партиясынын алдында бириккен болчу.

Саясатчылар президенттикке бирдиктүү талапкерди чыгара тургандыктарын билдиришкен. Бирок бул нерсе ишке ашпай калган, анткени саясий биримдик тарап кеткен.

Президенттик жарышта негизги тирешүү Бабанов менен Жээнбековдун ортосунда болууда.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт, өлкө башчылык кызмат үчүн 12 талапкер ат салышууда.

Сурөт: Бабанов менен Төрөбаевдин 17-сентябрдагы шайлоочулар менен болгон жолугушуусу.


ТЕМА БОЮНЧА: