Темир Жумакадыровдун сөөгү 9-октябрда жерге берилет

Өкмөт вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу тажыясын уюштуруу комитетин түздү, ага өкмөт башчы Сапар Исаков төрагалык кылат. Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-октябрда Бишкекте болот.

Жол кырсыгынан каза тапкан вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-октябрь күнү эртең менен болот.

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектин эски аянтындагы Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук театрында болот, андан соң аны Ала-Арча көрүстөнүндө жерге беришет.

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров 7-октябрь күнү эртең менен жол кырсыгынан каза болгон. Анын машинасы Бишкек — Кара-Балта жолунда жолдун каршылаш тилкесине чыга калган оор жүк ташыган унаа менен сүзүшкөн.

Натыйжада вице-премьер-министр, анын жардамчысы жана айдоочу окуя болгон жерден дароо каза болушкан. Жумакадыров шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн Таласты көздөй кетип бара жаткан.

Милиция жол кырсык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Ички иштер министри Улан Исраилов жеке көзөмөлүнө алган иликтөө амалдары башталды.

Мурдараак Темир Жумакадыров Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу. 2017-жылдын август айында жаңы өкмөт түзүлгөндөн кийин ал чек ара жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп калган.

Ошондой эле ал президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду үгүттөгөнү үчүн кызматтан алынган вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна Шайлоолорду өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектей баштаган.


ТЕМА БОЮНЧА: