Кара-Балталык стендап-артист Анзор Борзаев ТНТ телеканалындагы «Ачык микрофон (Открытый микрофон)» шоусуна катышкандан кийин калыстар тобуна абдан жагып калып, аны Руслан Белый өз командасына кошуп алды.

Борзаевдин катыштыгындагы программа 6-октябрь жума күнү эфирге чыккан. Борзаев — угуулардан өткөн Кыргызстандык жалгыз катышуучу.

Куудул сахнага чыгып бүткөндөн кийин калыстар тобунун бардык мүчөлөрү аларга Борзаевдин монологу жакканын айтышкан.

«Өлкөдө чеченстандыкка "жок" деп айткан адам жарала элек», — деп комментарий берди стендап-куудул Алия Ахмедова Борзаевдин сахнадагы тамашасына.

Анын пикирине калыстар тобундагы кесиптеши Тимур Каргинов дагы кошулду.

«Мага анын чыгып сүйлөгөндөрү жакты. Тамашар күлкүмүштүү болду. Айрым бир учурларда өзүмдү таанып жаттым», — деди Каргинов.

Жыйынтыгында куудул Руслан Белыйдын командасынан орун тапты.

Руслан Белый — белгилүү орусиялык куудул жана ТНТ телеканалындагы Stand Up программасынын алып баруучусу.

Катышуучулар кийинки турда финалга чыгуу үчүн өз ара таймашышат. «Ачык микрофондун» финалисти Stand Up шоусунун туруктуу резиденти болуп калууга мүмкүндүк алат.

«Ачык микрофонго» катышканга чейин Борзаев Бишкекте Stand Up Comedy Bishkek шоусунун катышуучулары менен монологдорду окуп жүргөн. Борзаев 30 жашта жана ал тиш стилисти болуп иштейт.

Стендап — артист көрүүчүлөргө түз кайрылган мыскыл-тамашанын жанларынын бири. Негизинен стендап-куудулдардын репертуарларында кыска окуялар, монологдор жана залдын алдындагы ойлоп табуучулук бар.

АКШда стендеп-куудулчулук Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин белгилүүлүк ала баштаган. Жанр Америкада 1970-жылдары мыскыл-тамашардын негизги түрү боло баштаган.

Стендап багытынын жол башчылары Джордж Карлин, Билл Косби, Ленни Брюс жана башкалар болгон. Натыйжада алардын ишмердиги Эдди Мерфи, Стив Мартин, Крис Рок, Луи Си Кей жана башкаларды стендап-куудулдукка шыктандырган.


ТЕМА БОЮНЧА: