БШК Бабановго үчүнчү эскертүүсүн берди (ал шайлоодон алынбайт)

Борбордук шайлоо комиссиясы президеттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Ош шаарынын Он-Адыр кичи районундагы сөздөрү үчүн үчүнчү эскертүүнү берди. БШК анын сөздөрүндө «бийликтин өкүлдөрүнө баш ийбөөгө чакырыктар» бар деп эсептеди.

Боршайкомдун мүчөлөрү Бабановдун Оштогу Он-Адыр кичи районундагы сөздөрүнүн айынан берилген 19 арызды изилдеп чыкты. Дооматтар талапкердин ыктымал «конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө жана улуттар аралык кастыкты козутууга үндөгөнүнө» байланыштуу болгон.

«БШК арыздарды изилдеп чыгып, талаптар канаааттандырылууга тийиш деп чечим чыгарды. Талапкерлер үгүттү конституциялык түзүлүштү өзгөртүү үчүн пайдаланбашы керек», — деп айтты жыйында БШКнын төрагасы Канышай Мамытова.

Комиссия Бабановдун «Бирдиктүү болгула. Элди — бул сел дейт, эл турганда сел болуп агызып кетет. Эгерде бир эле милиционер өзбектерге тийсе, анда ал өз кызматынан кетет» деген сөздөрүндө «бийликтин өкүлдөрүнө баш ийбөө чакырыгы» бар деп эсептеди.

Мамытованын айтымында, Бабанов «ойлонуп сүйлөп» жана «коомчулуктун бүтүндүгүнө кам көрүшү» керек болчу.  

«БШК Бабановдун 15-октябрда шайлоочулар участокко келип, шайлоонун жыйынтыктарын коргошу керек деп айткан cөздөрүнө кооптонуп жатканын билдирет. БШК мындай чакырыктарды шайлоо күнүндө абалды туруксуздаштырууга үндөө катары кабыл алат», — деди ал.

Талкуунун жыйынтыгында, БШК Бабановго карата үчүнчү эскертүү чыгарды, бирок аны президенттик жарыштан алган жок.

Ошондой эле, Боршайком Он-Адырда куудул Борончу Кудайбергенов талапкер Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан колдоого алынып жатканы боюнча айткандарын Бабановдун үгүт эрежелерин бузгандыгы деп эсептеди. Мыйзам боюнча, чет элдик жарандар тарабынан үгүттөөгө тыюу салынган.

Талапкердин юристи Эрик Ирискулбековдун айтымында, БШК Бабановдун сөздөрүндөгү чакырыктарында кандайдыр бир мыйзамсыздык бар же жогун чечүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабындагы экспертизанын тыянагын күтүшү керек болчу.

«Мен жумушчу топ өзүнүн ыйгарым укуктарын ашырып жиберди деп ойлойм. БШКнын бул маселени тийиштүү органдарысыз караганга укугу жок», — деди Ирискулбеков.

Президенттикке талапкердин кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев 10-октябрда өткөн маалымат жыйынында ЖМКлар менен коомдук тармактарда жарыяланган Бабановдун Он-Адырдагы сөзүнүн мааниси бурмаланган деп билдирди.

«БШК Бабановго каршы кезектеги эскертүүнү чыгарууга шашылды. Атайын кызматтар видеонун үзүндүсүн монтаждап, бул нерсени таптакыр башкача беришти», — деди ал.


ТЕМА БОЮНЧА: