Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөр тамак-аш жана чатырлар менен камсыздалат

Премьер-министр Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасында өтө албай турган адамдарды ысык тамак-аш жана чатырлар менен камсыз кылууну буйруду. 10-октябрдын кечинен баштап Казакстан менен чектеш чек арада коңшу өлкөнүн чек ара кызматы ишти күчөтүлгөн тартипте жүргүзө баштагандан кийин чоң кезек күтүүлөр жарала баштаган.

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы 11-октябрда ӨКМге кыргыз-казак чек арасында кезек күтүп чогулуп калган адамдарды ысык тамак-аш, таза суу жана биотуалеттер менен камыз кылууну буйруду.

Кыргыз өкмөтүнун маалыматына ылайык, чек арада күнү-түнү тез жардам кызматынын дарыгерлеринин тобу кызмат өтөшөт.

Ошондой эле, Исаков Экономика министрине чек аранын жанында канча оор жүк ташыгыч унаалар тез бузулуучу өндүрүмдөр менен турганын аныктап чыгууну тапшырды.

Кыргыз-казак чек арасынын көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде 10-октябрдын кечинен баштап эле чоң кезек күтүүлөр жарала баштаган.

Кыргызстандын чек арачылары билдиргендей, алардын казак кесиптештери Кыргызстандагы шайлоолорго байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүшкөн.

Ал эми кыргыз чек арачылары дагы 15-октябрдагы президенттик шайлоого даярдык көрүүгө байланыштуу деп түшүндүрүшүп, ошол сыяктуу эле көзөмөл-өткөрмө бекетинин иштөө тартибин күчөтүшкөн.

Казакстандын бийлиги азырынча чек арада жаралган кырдаалга байланыштуу эч кандай комментарий бере элек. «Тенгриньюс» басылмасы нөөмөтчү казак чек арачысы менен байланышкан, ал Кыргызстандагы шайлоо үчүн кезек күтүүлөр болуп жатканын түшүндүргөн.

Дипломатиялык чыр

Чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекеттериндеги кырдаал Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Казакстандын бийлигинин ортосундагы дипломатиялык араздашуудан кийин оорлошуп кеткен.

Кыргыз президенти казак бийлигин «Кыргызстандын кулатылган президенти [Курманбек] Бакиевди жакшы көргөндүгүнө» жана алар өлкөнүн «байлыктарын уурдап» жаткандыгына айыптаган.

«Орточо Казакстандын бир жаранына болгон кирешелер 10 эсе көп, Кыргызстандыкына караганда. Анда эмне үчүн Казакстанда пенсиялардын өлчөмү 10 эсе эмес болгону 1,5 эсе көп, эмне үчүн? Анткени Казакстандын байлыгын уурдап жатышат. Алар Казакстандын элине кетпейт», — деген Атамбаев 11-октябрда мугалимдерге сыйлыктарды тапшыруу салтанатынын учурунда.

Кыргыз президентинин сөздөрү президент Нурсултан Назарбаевдин Өмүрбек Бабанов менен болгон жолугушуусуна реакция билдирүү болуп калган. Бабанов Кыргызстандын президенттик шайлоосунда негизги талапкер жана бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болуп эсептелет.

Атамбаевдин билдирүүлөрүнө Казакстан тараптан бир нече реакциялар болгон. Кыргыз президентин казак премьер-министри, ТИМ жана Казакстандын социалдык өнүүгү министри айыптап чыккан.

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагынтаев Атамбаевдин сөздөрүн «чагымчыл, жоопкерчиликсиз жана жалган» деп атаган. Анын оюнча, президент «шайлоо алдындагы максаттар боюнча» жалган билдирүү айткан.

Казакстандын ТИМи Атамбаевдин сөздөрүнө «чечкиндүү каршылык» билдирип, мындай билдирүүлөр эки дос өлкөнүн ортосунда «болбошу» керек деп эсептеген.


ТЕМА БОЮНЧА: