Кыргыз-казак чек арасындагы чоң кезек күтүүлөр. Эмне болгон?

Кыргыз-казак чек арасындагы «Кордай» көзөмөл-өткөрүү бекетинде 10-октябрь күндүн кечинен баштап эле чоң кезек күтүүлөр жарала баштаган. Чек арачылар бул нерсени Казакстан тараптан көзөмөл күчөтүлгөнүнө байланыштуу деп түшүрүштү. Казак бийлиги азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстандын чек ара кызматы билдиргендей, кезек күтүүлөр 10-октябрь күнү саат 18:00дө башталган. Кыргыз чек арачыларынын маалыматына ылайык, бул Казакстандын «Кордай» көзөмөл-өткөрмө бекети күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнүнө байланыштуу.

Эки саатан кийин саат 20:00дө кыргыз чек арачылары дагы жооптуу чараларды көрүп, 15-октябрдагы президенттик шайлоого даярдык көрүүгө байланыштуу деп көзөмөл-өткөрмө бекетинин иштөө тартибин күчөтүшкөн. Бирок бул Кыргызстан тараптан катуу чектөөлөр менен кезек күтүүлөргө алып келген эмес.

Учурда чек арада кезек күтүүлөр дагы деле сакталууда — өзгөчө Казакстан тараптан. «Спутник» басылмасынын маалыматына ылайык, бул материалды жарыялоо учурунда 500гө чукул адам учурда кезек күтүп, ар бир 10 мүнөттө үч же төрттөн адам өтүүдө.

Күбөлөр Казакстандын чек арасында жайгашкан «Ак-Тилек — Автодорожный» бекетинде 11-октябрь күнү таң эртеден баштап эле тизилип калган оор жүк ташыган фуралар өтө албай жатышканын жазышууда.

Казакстандын бийлиги азырынча чек арада түзүлгөн жагдай боюнча эч кандай комментарий бере элек. «Тенгриньюс» басылмасы нөөмөтчү казак чек арачысы менен байланышкан, ал Кыргызстандагы шайлоо үчүн кезек күтүүлөр болуп жатканын түшүндүргөн.

Атамбаевдин сөзү менен дипломатиялык чыр

Чек арадагы кезек күтүүлөр Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Казакстандын бийлигинин ортосундагы дипломатиялык араздашууларынын тушунда жаралды. Кыргыз президенти казак бийлигин «Кыргызстандын кулатылган президенти [Курманбек] Бакиевди жакшы көргөндүгүнө» жана алар өлкөнүн «байлыктарын уурдап» жаткандыгына айыптаган.

«Орточо Казакстандын бир жаранына болгон кирешелер 10 эсе көп, Кыргызстандыкына караганда. Анда эмне үчүн Казакстанда пенсиялардын өлчөмү 10 эсе эмес болгону 1,5 эсе көп, эмне үчүн? Анткени Казакстандын байлыгын уурдап жатышат. Алар Казакстандын элине кетпейт», — деген Атамбаев 11-октябрда мугалимдерге сыйлыктарды тапшыруу салтанатынын учурунда.

Кыргыз президентинин сөздөрү президент Нурсултан Назарбаевдин Өмүрбек Бабанов менен болгон жолугушуусуна реакция билдирүү болуп калган. Бабанов Кыргызстандын президенттик шайлоосунда негизги талапкер жана бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болуп эсептелет.

Атамбаевдин билдирүүлөрүнө Казакстан тараптан бир нече реакциялар болгон. Кыргыз президентин казак премьер-министри, ТИМ жана Казакстандын социалдык өнүүгү министри айыптап чыккан.

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагынтаев Атамбаевдин сөздөрүн «чагымчыл, жоопкерчиликсиз жана жалган» деп атаган. Анын оюнча, президент «шайлоо алдындагы максаттар боюнча» жалган билдирүү айткан.

Казакстандын ТИМи Атамбаевдин сөздөрүнө «чечкиндүү каршылык» билдирип, мындай билдирүүлөр эки дос өлкөнүн ортосунда «болбошу» керек деп эсептеген.


ТЕМА БОЮНЧА: