Атамбаев Назарбаев жөнүндө туура эмес сөз айтып алганын мойнуна алды

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жөнүндө билдиргени «туура эмес» экенин айтты. Атамбаевдин казак бийлигинин дарегине айткан сындары дипломатиялык чырдын чыгышы менен кыргыз-казак чек арасындагы абалдын курчушуна алып келген.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 18-октябрда президенттик стипендия алууга татыгандардын алдында сүйлөп жатып, кийинчерээк эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык чатактын чыгышына себеп болгон Казакстандын бийлигин эмоционалдуу түрдө сынга алганы туура эмес болуп калганын мойнуна алды.

«Мен Казакстандын президенти жөнүндө эмоционалдуу сүйлөп, туура эмес кылсам керек. Мен бул күндөрү ушул жөнүндө ойлондум. Казакстандын президенти өзүнүн айланасындагыларга иштенет. Айланасындагылар булар олигархтар. Ал дагы мендей ишенчээк окшойт», — деп келтирди Атамбаевдин сөзүн «АКИпресс» басылмасы .

Президент коңшу өлкөлөр менен жакшы мамилелердин сакталышына дайыма умтулганын кошумчалады.

«Казакстандын олигархтары Назарбаевден кийин эмне болорун, өздөрүнүн акчаларын кантип сактап калышты гана ойлонот», — деди Атамбаев.

Атамбаевдин казак бийлигинин дарегине айтылган сыны

Атамбаев 7-октябрда мугалимдердин алдында сүйлөп жатып казакстандын бийлигин «Бакиевди жакшы көрөт» жана аларды өз өлкөсүнүн «байлыктарын уурдап» жатат деп айыптаган.

Атамбаев тарабынан айтылган айыптоолордон кийин Казакстандын чек арачылары кыргыз-казак чек арасында күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтүшкөн. Кыргызстандан коңшу өлкөгө бараткан адамдарды дыкат текшерүүлөрдүн айынан чек арада чоң кезек күтүүлөр менен авто тыгындар жарала баштаган.

Ошондой эле казак тарап Кыргызстандын сүт азыктарын өндүргөн беш компаниясына өндүрүмдөрдү киргизүүгө тыюу салган, ал эми чек арада тез бузула турган азыктарды ташыган оор жүк унааларынын километрлеп созулган тыгындары пайда болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: