Ош шаарында эки жылдан бери чакан феминисттик уюм иштеп келет. Жаш активист кыздар өздөрүнүн ишинде аялдардын укугу жана гендердик теңсиздик маселелерин көтөрүшөт. Бул тууралуу коомго айтып берүүнүн ыкмаларынын бири — дубалдагы трафарет сүрөттөр.

«Жаңы ыргак» коомдук бирикмеси эки жыл мурун Ош шаарында түзүлгөн. Төрт кыздан турган бул топ башында түнт болчу: алар жөн гана чогулуп, аялдардын укугун, аларга карата зомбулукту, гендердик теңсиздик жана башка көптөгөн маселелерди талкуулап турушчу. Активист кыздар алгачкы жолу 2016-жылдын 8-мартында эл алдында акция өткөрүүнү чечишип, коомго аялдардын укуктары менен көйгөйлөрүн айтып берүү үчүн жөө жүрүшкө чыгышкан.

Андан соң «Жаңы ыргак» «Гендердик нормалар академиясы» деген аталыштагы мектептерди өткөрө башташкан. Активист кыздар катышуучуларды онлайн-билдирмелер аркылуу тандап алышат. Мектептин катышуучулары көбүнесе студенттер менен мектеп окуучулары. Эң эле чоң мектеп былтыр болуп өтүп, ага Кыргызстандын булуң-бурчунан 30дан ашык адам катышкан.

Катышуучулар «Академияны» өткөрүү учурунда башка нерселерден тышкары дубалдарда трафарет сүрөттөрүн жаратышкан. Алардын максаты — Ош шаарынын тургундарына аялдардын укуктарын айтып берүү менен бирге эле оштуктар өздөрү ойлонуп ала тургандай башка гендердик маселелер туурасында суроолорду беришет.

«Кыздын кырк чачы улуу».

Сүрөттөгү чач өрүмүнүн ар бири аялдардын кызыкчылыгы жөнүндө айтып турат. Алардын арасында аялдардын тийиштүү салттуу милдет-түшүнүктөрүнө кирген бир гана үй-бүлө же балдар эмес, карьера, билим алуу, хобби жана достор бар.

Активисттер бул макал аялдарды шыктандырып колдоп турушу керек деп эсептешет.

«Макалдардын биринде: "Кызга кырк жактан тыюу" деп айтылат, биз бул сүрөт менен аялдар ардакталышы керектигин айткыбыз келген. Алардын башкалардай эле кызыкчылыктары бар: карьера, билим алуу, жеке өсүү», — деп айтат «Жаңы ыргактын» мүчөсү Салтанат Боронбаева.

«Кетүүгө болбойт чыдоо керек».

Активисттердин пикиринде, кайсыл жерге тыныш белгиси коюлаарын ар ким өзү тандайт.

«Бала — асмандагы жылдыз, ал эми кыз — асмандагы күн».

«Жаңы ыргактын» активисттери ар бир адам жынысына карабастан үй-бүлө менен коомдо бирдей болушу керек деп эсептешет.

«Чыда».

Бул сүрөттө феминисттер үй-бүлөдө жаш кыздар улуу аялдар тарабынан кодулоого кабылып жатышканын көрсөткүлөрү келген.

«Эми кошуналар сөз кылбайт».

«Өлкөдө эрте турмушка чыгуу күндүн терс каралган темасы болуп эсептелет. Негизи коомдун кысымдарынан улам элдер өздөрүнүн кыздарын эрте жашында эле турмушка узатышат», — дейт Салтанат бул сүрөт жөнүндө айтып жатып.

«Эгерде бир бала көп кыз менен сүйлөшсө бул жакшы. Ал эми кеп кыздарга келгенде, мындай нерселер жаман көрүнүш болуп эсептелет», — деп түшүндүрдү феминист кыз сүрөттүн мазмунун.

«Эмнеге эшикти эркектер ачышы керек?»

Активисттердин сүрөттөрү бир гана кыздар менен аялдардын гендердик адаттар маселесин чагылдырбайт.

«Келин өзү көрсөтүп жаткандай эле сый-урматка муктаж».

Сүрөт жаш келиндерге жолдошунун бир туугандары тарабынан көрсөтүлүп жаткан кысым маселесин чагылдырат.

«Уул».

Сүрөт салттуу үй-бүлөлөрдөгү ар кандай жыныстагы балдарга бирдей эмес мамиле көрсөтүлүп жатканын чагылдырат. «Жаңы ыргактын» активисттеринин айтымында, бул өзгөчө кыздарга курчалган жалгыз эркек бала бар үй-бүлөлөргө тийиштүү.

Уурдоо жана зомбулук — Кыргызстандагы аялдардын укуктары


Улуттук статистика комитенин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2015-жылдын январь-октябрь айларында аялдарга карата 2555 зомбулук көрсөтүлгөн факт катталган.

Алардын ичинен 1995 — жумушсуздар деп айтат расмий маалыматтар.


«Хьюман Райтс Вотч» укук коргоо уюмунун 2015-жылдын октябрындагы жарыяланган докладында «соттор үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын тарабына турбастыктарын жана эгерде алардын пайдасына чечим чыгарылган күндө деле укук коргоо органдары алардын аткарылышын камсыздашпайт» деп айтылган.


2017-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча алгачкы беш айда 100 кылмыш иши козголгон.

Кыргызстанда күнүгө турмуш куруу максатында кыздарды урдоо боюнча 32 учур катталат, «Аялдарга жардам берүү борбору» менен «Кыз коргон» институтунун маалыматтарына ылайык — алардын алтоосунда кыздар зомбулукка кабылышат.


«Акыркы учурларда милицияга ата энелер кыздарды ала качуу боюнча арызданып көп кайрылышууда. Бирок арыз жазгандар дайыма эле аягына чейин барышпай, иштин материалдары сотко жетпей калууда», — деп билдирди Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков Kloop.kgнин кабарчысына.

Ошто аялдар үчүн үч кризистик борбор бар, ал эми Баткен менен Жалал-Абадда бирден борбор иштейт.

Текст менен сүрөттүн автору: Элмурат Асан