Бишкек: Подрядчы түшмө өтмөктүн суу тамчылаган жерин өз эсебине оңдойт

Бишкек мэриясы Филармониянын жанындагы өтмөктүн суу тамчылоо себенин аныктоодо. Муниципиалитеттен билдиришкендей, түшмө өтмөктү оңдоонун чыгымын подрядчы өзүнө алат — «Главтехинвест» компаниясы.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаевдин айтымында, түшмө өтмөктүн суу тамчылап жаткан жеринин кайсыл жагы бузулганы так белгисиз.

Ошондой эле, Эшенбаев гидро катмарлоо иштеринин учурунда катачылыктар кетиши мүмкүндүгүн айтты.

«Бул подрядчынын орой катасы болду. Бирок бул кемчиликтерди подрядчынын күчү менен жоёбуз. Биз шаардыктарга күндүз ыңгайсыздыктарды жаратпаш үчүн кечкисин иштөөгө аракет кылабыз», — деди Эшенбаев «Вечерний Бишкек» басылмасына курган маегинде.  

Анын айтымында, суу тамчылоону жоготуш үчүн Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишиндеги түшмө өтмөктүн тышындагы жол катмарын ачууга туура келиши мүмкүн.

«Биздин адистер учурда жолдун катмарын алуу менен бирге көйгөйдү чечүүнүн жолдорун карап жатышат. Бирок чечим кабыл алына элек. Оңдоого кетчү чыгымдын бардыгын подрядчы өзүнө алат», — деди Эшенбаев «Азаттык» үналгысына курган маегинде.  

Биринчи жолу бишкектиктер түшмө өтмөк пайдаланууга берилгенден соң 20 күндөн кийин суу тамчылап жатканы жөнүндө билдиришкен.


ТЕМА БОЮНЧА: